Аймак

“БЕЛГИСИЗ ЖОГОЛГОН” ЖООКЕРДИН ТАГДЫРЫ

“БЕЛГИСИЗ ЖОГОЛГОН”  ЖООКЕРДИН ТАГДЫРЫ

 8,931 Бардыгы /

Бул кыска очерк Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон Оболбек Исмаиловдун тагдыры жана анын урпактары маркумдун түбөлүк жай тапкан Германиядагы Гудендорф айылына барып арбагына куран багыштагыны туралуу болмокчу.

Исмаилов Оболбек 1913-жылы азыркы административдик-аймактык түзүлүш боюнча Нарын (мурунку Тянь-Шань) областына караштуу Ак-Талаа районунун Үгүт айылында туулуп өскөн. Карапайым үй-бүлөнүн экинчи уулу болгон. 1942-жылы согушка чакырылганга чейин колхоздо чабан болуп иштеген. Ошол жылы Үгүт айылынан алты жигит, анын бешөө бир тууган ага-ини мекенди коргоого чакырылган. Беш бир туугандан үчөөсү согушта курман болуп, экөөсү гана айылга кайтып келген. Курман болгондордон бирөөсү бул жазуунун каарманы Оболбек ата. Ал кишини көзү өткөндөн кийин аркасында келинчеги Майриш Исмаилова жана жалгыз туягы Гүлайша Оболбекова калган. Гүлайша Оболбекова (кийин Исмаева) азыр Сузак районунда таанымал дарыгер, 50  жылдан бери райондогу ооруканаларда акушер-гинеколог болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы. Анын өмүрлүк жолдошу дарыгер Кенжебай Исмаевди, аны менен кошо ата-энесинин жолун жолдогон уулдары Эрик жана Эмил Исмаевдерди Жалал-Абад, өзгөчө Сузак аймагында чынында тааныбаган эч ким да болбосо керек.

Атасы согушка кеткенде Гүлайша эне 6-7 жашта экен. Атасын боорукер, оор басырыктуу, күчтүү-кайраттуу киши катары сүрөттөйт. Негизи балалык кезде ар бир атанын образы ушундай эмеспи? Ошентсе да Оболбек атанын согушка чейин түшкөн жалгыз сүрөтүндө кызынын айткан келбети, сыпаттары даана байкалып тургансыйт. Гүлайша эне атасы Оболбек тууралуу мындайча эскерет: “Балалык кезимде уктап жатканда жаздыгымдын астына дайыма бир ууч жүгөрү болбосо негедир уктай албай, ансыз дароо эле ыйлай баштачу экенмин. Ал жоругумду билген атам үйдө болгондо дайыма жаздыгымдын астына бир ууч жүгөрү койгонду унутчу эмес экен”.

Оболбек ата жаңы эле отурукташа баштаганда апатсыз согуш башталып кетип, мекенди коргоого аттанат, бирок тилекке каршы согуш бүткөндөн кийин үйүнө кайтпай калат. Кызы Гүлайшанын согуш бүткөндөн кийин 1956-жылы тийиштүү мекемелерге жазган суроолоруна ал жактан “белгисиз жоголгон” деп жооп келип, маселе ошол бойдон жабылат.

Миллиондогон бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн бери ондогон жылдар өттү. Ага байланыштуу азыркы Россия жана Германиядагы расмий жашырын материалдар калайыкка ачылып, андан улам архивдик изилдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк туулганы жана көпчүлүк маалыматтын интернет салаасына өткөрүлгөнү себептүү согуш учурунда “белгисиз жоголгон” делген жүз миңдеген каармандын дареги табылып, алардын бака-чакасы, урук-тууганы жок дегенде ошонусу менен сооронуп калышты. Кантсе да “дайынсыз жоголгон” дегенден көрө тиги же бул жерде көмүлгөн деген маалымат артык эмеспи. Мына ушундай архивдик материалдардын аркасы менен согушта кандай тагдырга дуушар болгондугу тууралуу бет аралаганга мүмкүнчүлүк туулган курмандардын бири Оболбек ата болду.

Архивдик материалдарга таянсак, Оболбек ата 1942-жылы 28-сентябрь күнү Тянь-Шань областынын Ак-Талаа военкоматы аркылуу Кызыл (1946-жылдан баштап Советтик) армия катарларында мекенди коргоого чакырылат. Оболу Казакстандагы Петропавловск шаарындагы калыптанып жаткан полктордун бирине барат, андан кийин 35-гвардиялык аткычтар дивизиясынын катарына кошулат. (Документтерде 35-аткычтар дивизиясына чакырылган деп турат, бирок ал дивизия Ыраакы Чыгышта жайгашкан үчүн батыш фронтунда салгылашкан эмес, андыктан туурасы 35-гвардиялык аткычтар дивизиясы болууга тийиш). Кызыл армиянын 35-гвардиялык дивизиясы 1942-жылы декабрь айынын 16-30 күндөрүндө немис-фашист баскынчыларга каршы Дон аймагында код ысымы “Малый Сатурн” болгон контр-чабуул жүргүзөт. Оболбек ата да дал ошол Дон аймагында 1943-жылдын январь айынын алгачкы күндөрүнөн баштап “дайынсыз жоголгон” деп катталган.

Немистер колго түшкөн ар бир советтик жоокер үчүн атайын персоналдык карточка даярдашчу экен. Оболбек Исмаиловдун жеке номери да: IV B 207471. Ал карточкага таянсак Оболбек ата 1943-жылдын 4-январында Дон аймагында немистердин колуна түшкөн. Колго түшкөн учурда ден соолугу сак, жаракаты болгон эмес. Ал жерден азыркы Украинанын аймагындагы Кременчуг шаарына жөнөтүлөт. Андан Германияга, Берлиндин 100 км түштүгүндөгү Мюльберг (Mühlberg) шаарында жайгашкан Башкы 4-В лагерине (Stammlager IV B) которулат. Муну жогорудагы ар бир согуш туткуну үчүн берилген жеке номери да тастыктайт: IV B 207471. Жеке карточкасындагы сүрөтү да ошол учурда тартылган.

Мюльберг шаарындагы Башкы 4-В лагеринин дарбазасы

Өзүнө келген Оболбек ата ызгардуу кыш менен адам чыгадыс шарттардан улам кайра ооруп, ошол эле жылдын 28-декабрында кайрадан Хайткатендеги лазаретке жаткырылат. Ал менингит оорусуна чалдыгып калгандан улам 1944-жылдын 26-апрелине чейин дарыланат. Жаздын деми менен аз да болсо өзүнө келген Оболбек ата кайра эле плендеги лагерине жөнөтүлөт. Көп өтпөй июнь айынын 6-күнү кайрадан иштөөгө жараксыз деп табылып, лазаретке жөнөтүлөт. Хайткатендеги аскердик дарылоочу пункт жабылып калганы үчүн Оболбек ата ошол эле Шлезвиг-Гольштейн жергесиндеги башка бир лазаретке, башкача айтканда Гудендорф айылынын четинде орун алган дарылоочу пунктка алып келинет, бул жерде оорусу күчөп акыры 14-июнда дүйнө менен кош айтышат. Жеке карточкасында өлүм себеби: Meningitis, Cerebre spinalis, башкача айтканда менингит, жүлүн инфекциясы. Оболбек атанын сөөгү миңдеген

Гудендорф лагери, сурөттүн жогорусундагы 3 имарат оорулуулар жаткан баракалар

туткундар сыяктуу эле Гудендорф айылынын чет жакасындагы таштак жерге көмүлөт.

Бул жерде немистердин ар бир аскер туткунуна жеке карточка ачып, аларга тиешелүү маалыматтарды толук жана өз убагында каттап турганы, албетте таң калтырбай койбойт, бирок ошол эле учурда бул талаптын согуш учурунда Эл аралык Кызыл крест коому тарабынан согушкан тараптар үчүн Женева конвенциясына ылайык койгон болбосо, болбос шарт болгону үчүн гана аткарылганын унутпашыбыз керек. Ошол эле учурда Советтер Союзу Женева конвенциясына кол койбой, Эл аралык Кызыл крест уюмунун өкүлдөрүнүн көптөгөн аракетине карабай аларды согуш учурунда кабыл алууга жанашпаганы үчүн Гитлердин Германиясы да Кызыл крест өкүлдөрүнүн совет аскер туткундары менен байланыш түзүүсүнө, аларга медициналык жана гуманитардык көмөк көрсөтүүсүнө тыюу салган. Ошол эле учурда Кызыл крест өкүлдөрүнүн Германиядагы лагерлерине барып, туткун болгон башка мамлекеттердин жарандарына керектүү жардам көрсөтүп турганын да эскерте кетүү абзел. Андан башка согуш учурунда сүйлөшүүлөргө карабай, Совет өкмөтү колго түшкөн немис аскер туткундарынын аты-жөнүн бейтарап Түркия өкмөтү аркылуу Кызыл крест жана Гитлер өкмөтүнө билдирбегени үчүн немистер да Кызыл крестке совет аскер туткундары тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан. Эгерде ошол учурда Совет өкмөтү Кызыл крест менен иштешсе, согуш учурунда “дайынсыз жоголгон” делген жүз миңдеген совет аскеринин жок дегенде ошол кездеги тагдыры тууралуу маалыматыбыз болмок.

Шлезвиг-Гольштейн жергеси, Дитмаршен районундагы Гудендорф айылында көмүлгөн жүздөгөн согуш туткунунан бирөөсү Оболбек ата экени, андагы ар бир туткун аскер сыяктуу мойнунда тагып жүргөн жеке номери жазылган биркадан билинген. Немис лагерлериндеги аскер туткундардын ар биринин мойнунда устара мизиндей (лезвие) формада, эки жагына тең жеке номери жазылган биркалар болчу экен. Туткундар өлгөндө ошол бирканын бир жагын немистер өздөрүнүн архиви үчүн сындырып алып, бирканын экинчи жагы менен өлүктү көмүшчү экен. Көп жылдан кийин өлгөндөрдүн сөөгүн жыйнап жатышып жергиликтүү калк Оболбек Исмаиловго тиешелүү бирканы да таап алышкан.


Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Германиядагы аскер туткундары таккан биркалар

Чынын айтканда жогорудагы маалыматтардын баарын архивден табууга мүмкүн болбоду. Бизге бул маалыматтарга жетүүгө жардам берген Германиядагы Шлезвиг-Гольштейн жергесиндеги Гудендорф айылынын тургундары курган “Гудендорф үчүн гүлдөр” (Blumen für Gudendorf) демилге тобу болду. Биз дегеним, мен жана Оболбек атанын урпагы болгон келинчегим. Мен былтыркы күздөн бери Германиянын Майнц шаарындагы атактуу И. Гутенберг атындагы университеттин Славистика, Түркология жана Балтика аймагы изилдөөлөрү институтунда иштейм.

Былтыр Ата-мекенди коргоочулар, Улуу Ата-мекендик согушта жана согуштан кийинки мезгилде курман болгондор жана дайынсыз жоголгондор тууралуу “Мемориал” маалымат банкынан (https://obd-memorial.ru) Оболбек ата тууралуу маалымат тапкандан кийин, ал көмүлгөн  Гудендорф айылына барып, атабызга багыштап куран окуп келели деген ой пайда болгон. Интернеттен Гудендорф тууралуу маалымат издеп жатып жогорудагы демилге тобунун сайтына учурап калдык. Аларга Гудендорфто түбөлүк жай тапкан совет туткундарынан Оболбек Исмаиловдун урпактары болгонубузду, ал кишинин мүрзөсүнө зыярат кылууну пландаштырып жатканыбызды жазган элек. Ал демилгеден Георг Герьхен (Georg Gerchen) мырза дароо жооп жазып, бизден кат алууга абдан сүйүнгөнүн, ошол жерде шейит болгондордун урпактары менен жолугушуу алардын демилгеси үчүн да чоң жаңылык болорун, бизди темир жол станциясынан сөзсүз тосуп аларын айткан болчу.

Ак ийилет, бирок сынбайт демекчи, Экинчи дүйнөлүк согушта да ак ийилди бирок караны жеңди, жакшылык жамандыктан үстөм чыкты, бейпил жаткан бейкүнөө эл баскынчыларды жер менен жексен кылды. Бирок ошол эле учурда согуш учурундагы немис элинин баары Гитлердин национал-социалист бийлигин колдогон десек жаңылышабыз. Гитлердин баскынчыл саясатына каршы чыккан, аны менен күрөш үчүн жанын берген, түрмөгө түшкөн, сүргүнгө айдалган германиялыктар да көп болгон. Бүгүнкү Германиянын өз тарыхындагы национал-социалисттик режимдин кайталанбашы үчүн жамы-журт аракет кылып жатканы өкмөт саясатынан баштап балдар адабиятына чейин ачык-айкын көрүнүп турат. Бул багыттагы иш-аракеттер түрдүү жергиликтүү бейөкмөт уюмдар, коомдор, бирикмелер аркылуу да жүргүзүлөт. Булардан бирөөсү “Адамдын кадыр-баркынын расасы, улуту, ишеними же көз карашына жараша болушуна эч качан жол бербеңиз” деген ураанды туу туткан “Гудендорф үчүн гүлдөр” (Blumen für Gudendorf) аттуу демилге тобу. Бул коом Германиядагы Шлезвиг-Гольштейн жергесиндеги Гудендорф айылынын тургундары тарабынан ошол жерде шейит болгон согуш туткундарынын мүрзөлөрүнө жана мемориалдык комплексине кам көрүү, мерт болгондорду эскерүү жана алар тууралуу маалыматтарды топтоо үчүн түзүлгөн.

Георг Герьхен (Georg Gerchen) мырза жана арка планда Гудендорф шейиттери үчүн коюлган эстелик

Биз Гамбург аркылуу Гудендорфко коңшулаш Санкт-Михаелисдонн станциясында барганда, Г. Герьхен жана Д. Штейн бизди тосуп алышты. Гудендорфто согуш туткундарынын мүрзөлөрү жайгашкан жерде курулган эстеликке гүл коюп, Оболбек ата менен бирге ал жерде шейит болгон бардык согуш туткундарына багыштап куран окудук. Г. Герьхен бизге Гудендорф лагери, ал жердеги абал, аскер туткундары тууралуу абдан кеңири жана терең маалымат берди. Андан кийин Гудендорф айыл башчысы Вернер Хөфс (Werner Höfs) мырза бизди үйүнө чакырып, көпкө аңгеме-дүкөн куруп отурдук. Аялы Ингрид жасаган даамдардан ооз тийдик. Сапар карыган соң бизди кайра Гамбургга кетчү поезддин ичине чейин отургузуп, немистердин да өтө сыйлуу эл экенин көрсөтүштү.

Гудендорф шейиттери үчүн коюлган эстелик

Биз да алардын кийинки жылдын 8-май күнү Гудендорф мемориалында уюштура турган шейиттерди эскерүү иш-чарасына катыша турганыбызды ишендирип үйгө кайттык. Мына ушинтип учурунда “дайынсыз жоголгон” делген жоокердин Германиядагы жеке карточкасы, тиешелүү архивдик материалдар жана маселеге кош көңүл болбогон, төмөндө биз сөз кыла турган инсандардын да жардамы менен Оболбек Исмаиловдун немистерге колго түшкөн 1943-жылдын 3-январында шейит болгон 1944-жылдын 16-июнуна чейинки тагдырына көз салганга мүмкүнчүлүк болду.

Бул фактыларды окуу канчалык оор болсо да, Оболбек атанын урпактары үчүн анын согуштагы тагдыры тууралуу маалымат алуу, анын акыркы жылдарынын кандай шарттарда өткөнүн билип алуу ошончолук маанилүү. Чынында бул жоокердин тагдырынан согушта “дайынсыз жоголгон” делген жүз миңдеген советтик жоокердин тагдырын чагылдырган десек жаңылышпайбыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Рысбек АЛИМОВ, профессор, түрколог, Германиянын Майнц шаарындагы И. Гутенберг атындагы университеттин Славистика, Түркология жана Балтика аймагы изилдөөлөр институту, Мари Склодовска Кьюри изилдөөчүсү

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17