Аймак

КУРУЛУШТУН САПАТЫ БОЮНЧА КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ИЧИНЕН КЫРГЫЗСТАН АЛДЫДА – ЭКСПЕРТ

КУРУЛУШТУН САПАТЫ БОЮНЧА КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ИЧИНЕН КЫРГЫЗСТАН АЛДЫДА – ЭКСПЕРТ

 825 Бардыгы /

КМШга кирген башка өлкөлөр менен салыштырмалуу Кыргызстандагы турак жайлардын сапаты бир кыйла жогору, ошондой эле кыймылсыз мүлктү сатып алуу шарттары ыңгайлуу.

Бул тууралуу шейшемби күнү, 5-июлда республиканын курулуш тармагындагы абалына арналган эртең мененки пресс-чайда PARTNER комплекстүү курулуш компаниясынын директору Рафгат Хантимеров билдирди.

«Коңшу өлкөлөр турак жайларды негизинен ипотекалык негизде сатышса, ошол эле учурда бизде курулушчулар ар кандай варианттарды сунушташат. Мисалы, сатуу бартерге же пайызсыз бөлүп төлөө шартында болушумүмкүн. Архитектура, пландаштыруу чечимдери жана курулуштун сапатына токтоло турган болсок, бул жерден дагы биз жакшы позициядабыз, заманбап фасаддарды, эстетикалык босогону жана жашоо-шартка ыңгайлаштырылган короолорду тургузуп жатабыз. Экологиялык сапат жана ыңгайлуулукка өзгөчө басым жасалат», – деп билдирди курулуш тармагындагы серепчи.

Анын айтымында, республиканын аймагындагы курулуш жүргүзүүгө уруксат берилген лицензиясы бар 685 компаниянын ичинен, курулуш рыногунда 28ден 35ке чейин гана оюнчулар ар кандай мезгилде активдүү иш алып барышууда. Анткени бул – бизнестеги эң жөнөкөй эмес чөйрө жана ал кесипкөйлүк менен туруктуулукту талап кылат.

«Дээрлик бардык курулуш компаниялары турак жай фондун куруу менен алектенет, башкы айырмачылык аткарылуучу иштин көлөмүндө. Кээ бирөөлөр жеке үйлөрдү же коттедждерди курат, башкалары аз кабаттуу чакан комплекстерди курат, ал эми кээ бирөөлөр ири турак жай комплекстерин тургузган курулушчулар. Мына дал ушундай курулуш менен биздин компания алектенет”, – деп кошумчалады Рафгат Хантимеров.

Эксперттин айтымында, Кыргызстанда жыл сайын 1 млн. чарчы метр жерге кыймылсыз мүлк курулуп, пайдаланууга берилет. Анын ичинде бардык турак жайдын түрлөрү бар. Квадратура жагынан алып караганда, эң көп көлөмдү Бишкек шаары, эң азын Нарын областы эксплуатацияга алат. Аймактарда турак жай курулушунун динамикасы өсүү тенденциясын басаңдаткан жок, бирок абдан жай болуп жатат. Ошол эле учурда борбор калаада турак жайга болгон суроо-талап жогору бойдон сакталып, дагы көптөгөн адамдарды чарчы метр менен камсыз кылуу талап кылынууда.

Кыргызстандык куруучулар монолит-каркас технологиясын колдонушат: алгач, бетондон жана арматурадан имараттын скелети тургузулат, андан кийин ал кирпич же газобетон блоктору менен толтурулуп, кооз «көйнөк» кийгизилген – фасадка жамынат. Курулуштагы мындай мамиле аймактагы жогорку сейсмикалык активдүүлүк менен шартталган. Колдонулган технологиянын негизинде Бишкектеги заманбап имараттар 8-9 баллга барабар жер титирөөгө туруштук бере алат.

Эреже катары, ар бир долбоор төрт баскычтуу сапат көзөмөлүнөн өткөрүлөт. Турак жайды куруу мөөнөттөрү курулуучу аянтка, кабаттардын санына, колдонуш материалдарына көз каранды болот. Орто эсеп менен көп кабаттуу үйдүн курулушу 1,5 жылдан 4 жылга чейин созулат. Курулушчулардын кепилдик мөөнөтү 1 жылдан 10 жылга чейинки убакытты түзөт.

Курулуш материалдарынын ичинен Кыргызстанда кирпич, цемент, бетон гана өндүрүлөт. Калганынын баары импорт. Акыркы убакта курулушка керектелүүчү товарлардын баасы минимум 30% кымбаттады. Алсак, эки жылдын ичинде суу эмульциялык боёк дээрлик эки эсеге кымбаттаган. Россияда жасалган жылуулагычтын бир таңгагы рекорддук 7 миңге чейин жетти (2021-жылы 1300 сом болгон). Ал эми орус жыгачы жана мык, тескерисинче былтыркы көрсөткүчкө салыштырмалуу бир аз арзандап калды.

«Жалпысынан бир чарчы метрдин баасы суроо-талап менен сунуштун балансынан, курулуш материалдарына болгон баалардан жана аткаруучулардын ишинен улам келип түзүлөт. Бирок курулуш материалдарынын рыногунда уланып жаткан өсүү тенденциясына карабастан, курулушчулар бааларды көтөрбөй, сатып алуучуга жеткиликтүү варианттарды сунушташууда. Баалар 500 доллардан 1200 долларга чейинки чекте кармалып турат. Бул Улуттук банктын бүгүнкү доллардын курсу менен алганда – 79,5 сом болсо, 1 чарчы метр үчүн 39 750 сомдон 95 400 сомго чейин», – деп түшүндүрдү курулуш компаниясынын өкүлү.

Ал ошондой эле курулуп жаткан үйдөн батир сатып алууда кантип баш аламандыкка кабылбоо керектиги тууралуу айтып берди. Келишим түзөөрдөн мурда эксперт курулуш рыногунун лидерлеринин ортосунда тандоо жүргүзүп, буга чейинки долбоорлордо өзүн жакшы көргөзгөн жоопкерчиликтүү жана абийирдүү иштеген курулушчуларды кароону сунуштайт. Эң башкысы долбоордун жана уруксат кагаздарынын толук болушу маанилүү. Курулуштун кандай жүрүп жатканын өз көзүңүз менен көрүп, өндүрүштүн маданиятына баа берүү үчүн курулуш объектисине барсаңыз ашыкча болбойт. Ал эми куруучу тарабынан берилген убадалардын баардыгы келишимде так жазылышы тийиш.

Команда  Бюро  коммуникаций ТАГС

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17