Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,579 Бардыгы / ОШ. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл–Октябрь айылында Кыргыз-Өзбек чек арасындагы Кемпирабад суу сактагычына байланыштуу элдик жыйын өткөрүлдү. Бул туурасында аталган иш-чараны уюштуруучулардын бири, жергиликтүү жарандык активист Жумалидин Сопуев редакциябызга өзү кабарлады. Жумалидин Сопуевдин айтымында, элдик жыйынга миңге чукул адам катышып, жалпы жонунан үч маселе байма-бай көтөрүлдү: – Биринчиси – Айыл Өкмөтүндөгү жыйында […]
1,580 Бардыгы / ОШ. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл–Октябрь айылында Кыргыз-Өзбек чек арасындагы Кемпирабад суу сактагычына байланыштуу элдик жыйын өткөрүлдү. Бул туурасында аталган иш-чараны уюштуруучулардын бири, жергиликтүү жарандык активист Жумалидин Сопуев редакциябызга өзү кабарлады. Жумалидин Сопуевдин айтымында, элдик жыйынга миңге чукул адам катышып, жалпы жонунан үч маселе байма-бай көтөрүлдү: – Биринчиси – Айыл Өкмөтүндөгү жыйында […]
ӨЗГӨНДӨГҮ ЖЫЙЫНДА КЕМПИРАБАД МАСЕЛЕСИ АБДАН КАТУУ КАРАЛДЫ
29.08.2022 / Автор anarkan_kg

1,581 Бардыгы /
ОШ. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл–Октябрь айылында Кыргыз-Өзбек чек арасындагы Кемпирабад суу сактагычына байланыштуу элдик жыйын өткөрүлдү. Бул туурасында аталган иш-чараны уюштуруучулардын бири, жергиликтүү жарандык активист Жумалидин Сопуев редакциябызга өзү кабарлады.
Жумалидин Сопуевдин айтымында, элдик жыйынга миңге чукул адам катышып, жалпы жонунан үч маселе байма-бай көтөрүлдү: – Биринчиси – Айыл Өкмөтүндөгү жыйында эл Кемпирабад боюнча жогору жакта эмне сөз жүрүп жаткандыгы тууралуу талап койгон эле. Ошону толук билүү. Экинчиси – 920 адам кол коюп, Жогорку Кеңешке дагы кат жазганбыз. Мунун жообу келбеди. Эмне үчүн? Үчүнчүсү – Чолпон-Атада президенттердин жыйынында эки тарап Кемпирабад боюнча келишимге кол койду деген сөз тарады эле. Мунун жыйынтыгын билгенге эл абдан кызыкдар. Анткени, бул маселе ушул тапта эл арасында байма-бай көтөрүлүп жаткан чагы. Биздин кооптонгонубуз – алар «Тогуз жүзүнчү горизонталга чейин көтөрөбүз, андан башка көтөрбөйбү” деп жатышат экен. Ошондо Кыргызстанга миң гектардан ашыгыраак жер ашат дегендей кылып жатышыптыр. Түшүнгөн кишиге бул калк иштетип эле жүргөн жер. Тогуз жүзүнчү горизонталдан ары Өзбекстанга жер менен кошо өтүп кетет деген кооптонуу пайда болуп жатат эл арасында.
Жарандык активист ЖумалидинСопуевдин айтымында, жыйынга Жогорку Кеңештин төрт депутаты оозеки чакырылган. Булардын арасынан парламент өкүлү Адахан Мадумаров гана жыйынга катышты. Ал эми район акими Шабдан Абыкаев ошол күнү башка иш-чарасы кеткендиктен, жыйынга катышкан жок. Расмий органдар Кызыл-Октябрда өткөрүлгөн жыйын туурасында азырынча маалымат бере элек. Анткени менен Ош облустук милициясы менен байланышканыбызда, мекеменин басма сөз кызматы жыйын болгондугун тастыктап, ага баштапкы маалымат боюнчаь 40-50 киши гана катышкандыгын кошумчалашты.
2021-жылдын 24-25-мартында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өткөн. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан. Ал эми быйыл 26-мартта Камчыбек Ташиев Бишкекте маалымат жыйынын куруп, Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпирабад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстан аймагы деп калтырып, бирок, мунун суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашкандыгын билдирген эле. Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү кыргызстандыктар Кемпирабаддын суусунан толук кандуу пайдалана алышаарын баса белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой тургандыгын, алмашуу гана жүрөөрүн шардана кылган. Ал эми ушул жылдын 27-мартында президент Садыр Жапаров Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей тургандыгын баса белгилеген.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
22.05.2025 / Автор anarkan_kg “ЖАЛАЛ-АБАД” САНАТОРИЯСЫНДА МИНЕРАЛДЫК СУУ АРАЛАШКАН БАССЕЙН АЧЫЛДЫ
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ МИЛИЦИЯНЫН МАЙОРУ АКЧА ТОПТОП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.