Аймак

ШААРДАГЫ БАТИР ЖАНА МЕЙМАНКАНАЛАРДЫН ИЖАРА АКЫСЫ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНАТ

ШААРДАГЫ БАТИР ЖАНА МЕЙМАНКАНАЛАРДЫН ИЖАРА АКЫСЫ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНАТ

 696 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 7-октябрда Мэр шаардагы батирлер менен мейманканалардын ижара акысын көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда шаар аймагындагы батирлердин, мейманканалардын ижара акысынын негизсиз жогорулап кетүүсүнүн алдын алуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жарандарга ыңгайлуу шарт тузүү максатында, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысына селсаяктарга, тилемчилерге рейддерди күчөтүү милдети жүктөлдү.

Учурда шаар аймагына Орусиянын жарандары массалык түрдө келген учуру каттала элек.

Белгилей кетсек, ушул тапта Орусиядагы мобилизациядан улам борбор калаа Бишкекке Орусиянын жарандары көп келип, анын арты менен мейманканаларда орун жок болуп, батирлердин ижара акысы жогорулап кеткени кабарланууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17