Аймак

ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИНДЕ СҮРӨТЧҮЛӨР МЕЙКИНДИГИ ТҮЗҮЛӨ ЭЛЕК…

ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИНДЕ СҮРӨТЧҮЛӨР МЕЙКИНДИГИ ТҮЗҮЛӨ ЭЛЕК…

 1,392 Бардыгы /

Танып кайда барабыз? Экономикалык каатчылыкка шылтоолоп, жан дүйнөбүздү дагы ого бетер жакырлантып бүттүк. Анан дагы кашайып көркөм өнөрдөн, мунун ичинде айрыкча сүрөт искуссствосунан негедир арзыбаган ачкабызды дагы аяп олтурабыз. Ошентсе дагы, туңгуюктан баары бир жол таап, мекендештеребиздин табитин тапкан сүрөттөрдү – чыгармаларды жаратып жатышкан кыл калемгерлерден, кудайга шүгүр, моминтип кур эмеспиз…

Исмаил УРМАНОВ, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, ОшМУнун алдындагы индустриалдык-педагогикалык коллежинин окутуучусу: –  Жашырып не. Кыргыз сүрөтчүлөрү, айрыкча оштук кыл калемгерлер Союз (улуу империя СССР) кулатылгандан бери таптакыр эле каралбай калдык. Мындайча айтканда, өзүбүздүн киндигибизди дагыле өзүбүз гана кесип келатабыз. Кур дегенде туруктуу маянабыз жок. Мунун кесепетинен басымдуу кесиптештерибиз соодагерчиликке жана дагы бизнеске биротоло ооп кетишти. Антишпесе, кантишмек? Май, боектор ашкере кымбаттап кетпедиби…

Кубанычбек МАМАРАЙИМОВ, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр Союзунун Оштогу филиалынын төрагасы, ОшМУнун алдындагы индустриалдык-педагогикалык коллежинин окутуучусу: – Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр Союзуна караштуу бардык обьектилер текейден арзан баада менмиктештирилип кетпедиби. Ошондон бери кыл калемгер ээлерине мамлекеттик деңгээлде көңүл бурган жетекчи жок! Мунун кесепетинен чыгармачыл адамдар, жашырып   не, тирүүнүн өлүгүнө гана айландык. Азыр эмне? Салонный (утурумдук) өңүттө иштешкен сүрөтчү сөрөйлөрдүн – шылуундардын гана күнү тууду, эй! Баарын тең компьютер-технология менен эптеп тууралап жасап жатышат. Мындайча айтканда, бизге – чыныгы сүрөтчүлөргө жумуш деле калган жок!

 Ошого карабастан соңку тапта оштук кесипкөй сүрөтчүлөр Эл аралык көргөзмөлөргө абдан активдүү катышып келатышат. Маселен, булардын бир тобу жакында Түркиядагы жана Өзбекстандагы иш-чараларда заманбап эмгектерин тартуулашып, жылуу баага дагы арзышып, а түгүл алдыңкы орундарды багындырып дагы кайтышты. Ошондуктанбы, айтор, оштук сүрөтчүлөр бир катар чыгармаларын Түркиядагы жана Өзбекстандагы сүрөт музейлерине эстеликке белекке бекер эле тартуулап ийишти.

Кыргызстандын Түштүк башкаласында – айтылуу Сулайман Тоонун нак түбүндө жайланышкан Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук сүрөт музейин акыркы бир жылдан бери Бактыгүль МИДИНОВА жетектеп келатат. 35 жаштагы директор – тарых жана музей тааануу кесиптеринин ээси.

  • Адамдын аң-сезиминин  калыптанышына жана андан ары

ырааттуу түрдө өнүгүшүнө сүрөт өнөрүнүн  таасири абдан чоң! – деп кашкайган чындыкты моюндады Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук сүрөт музейинин директору Бактыгүль МИДИНОВА. – Тилекке каршы, бул мүмкүнчүлүктү биздин мекендештерибиз анчалык биле беришпейт. Же тескерисинче, баалашпайт! Ошондуктан,  Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук сүрөт музейине көбүн эсе чет өлкөлүктөр көбүрөөк баш багышат. Жакында өзүбүз демилгелеп, “Мы – вместе!” деген аталыштагы Эл аралык деңгээлдеги ири симпозиумду өткөрүүнү мерчемдеп жаткан чагыбыз. Балким, мындай аракетибиз Кыргызстандын Түштүк жергесинде сүрөтчүлөр мейкиндигин жаратууга чоң өбөлгө жаратаар…

          Не демекчибиз? Элибиз бекеринен айтпайт эмеспи: жакшы тилек жарым ырыс! Чындап эле Ата Мекендик сүрөтчүлөрүбүздү бир эле мезгилде элибиз – туруктуу күйөрмандарыбыз жана ошондой эле Кыргыз Өкмөтү дагы тегиз кубаттаса, ордолуу   Ош жергесин сүрөтчүлөрдүн мейкиндигине айландыруу тилегибиз жакынкы жылдарда орундалып калаар…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17