Аймак

ӨКҮЛ “ТӨРТҮНЧҮ ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН” ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫ

ӨКҮЛ  “ТӨРТҮНЧҮ ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН” ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫ

 1,008 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 7-окиябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Түркиянын Изник шаарында өткөн “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында” алдыңкы орундарды багынткан спортчулар менен жолугушуп, ийгиликтери менен куттуктады.

Мелдешке Жалал-Абад облусундагы Исхак Раззаков атындагы спорт мектебинен жалпы беш спортчу катышып, алардын арасынан үчөө алдыңкы орунга ээ болгон. Алыш күрөшү боюнча 90 кг салмактар арасынан Айбек Камалов биринчи орунду, 60 кг салмактар арасынан Касымбек Анарбаев үчүнчү орунга ээ болгон. Ал эми түрк элинин байыркы “Аба” күрөшү боюнча 70 кг салмакта Ирлан Казыбек уулу экинчи орунду багынткан.

Облус башчысы спортчулардын жетишкендиктери Жалал-Абад облусунун жана жалпы өлкөнүн сыймыгы экенин айтып, дагы да аракеттенүүдөн талбоого чакырды. Өкүл ошондой эле спорт мектебинин машыктыруучуларына ыраазычылык билдирди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17