Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААР АЙМАГЫНДА ЖОЛ КЫМБАТТАДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААР АЙМАГЫНДА ЖОЛ КЫМБАТТАДЫ

 1,578 Бардыгы /

2021-жылдын 1-декабрында шаардык кеңештин токтомунун чечимине ылайык шаар аймагында шаар пенсионерлери үчүн жол акы 8 сом, шаар окуучулары үчүн 5 сом каралган. Ал мезгилде күйүүчү майдын баасы 63 сом болгон. Учурда күйүүчү майдын баасы 79 сом 50 тыйынга көтөрүлгөндүгүн, айлык акылардын, пенсиянын жогорулагандыгын эске алып, 2022-жылдын 29-сентябрында депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги 23-сессиясынын №5 токтомунун негизинде Жалал-Абад шаарынын аймагында каттоочу менчик кичи автобустарда жол жүрүүнүн акысы шаардагы жалпы мектеп окуучуларына -10 сом, башка жүргүнчүлөр үчүн -15 сом болсун деген чечими кабыл алынып, пенсионерлер жана окуучулар үчүн берилген жеңилдиктер алынып ташталды.

Албетте ар бир нерсенин эки тарабы бар дегендей, жеке кичи автобус айдоочулары үчүн бул буйрук кубаныч тартууласа, шаар аймагындагы пенсионерлер жана мектеп окуучуларынын ата-энелеринин нааразычылыгы бар.

Адина САТЫБАЛДЫЕВА, Жалал-Абад шаарынын тургуну. Анын айтымында 3 баласы билим алуу үчүн шаар аймагында маршруттук каттам менен катташат.

–  Балдарымдын чоңу студент, калган экөө окуучу. Окуучулар бир сом каражат таппайт, аларды пенсионерлер менен салыштырууга болбойт. Пенсионерлердин өздүк каражаты бар. Алардын жол акыга болгон баасын көтөрсө жарашат. Окуучулар бизди карап күндө каражат сурап турушат. Мага окшогон 2-3төн окуучу, студент окуткандарга беш сомго көтөрүлгөн баа да кымбат.

Мындан сырткары кичи автобустарда окуучуларды алы жеткендин баары кагып-силкип, сумкаңды ал, бул жакка тур, ал жакка тур дегендер көп. Эртең жергебизге кыш келет. Ошол кышта окуучуларыбыз суукта турса, аз акча берет деп албай кеткен айдоочулар кездешпей койбойт. Айдоочулардан балдарга болгон мамилесин өзгөртүүсүн талап кылуу зарылдыгы келип чыгууда.

Талант ИСКЕНДЕРОВ,  Жалал- Абад шаарынын тургуну. Балдарга шарт түзүп берүү мамлекеттин, ошону менен бирге ата- эненин милдети. Балдарыбызды жакшы жайдан күчтүү билим алуусуна шарт түзүп, жеке менчик мектептерге, бала бакчаларга да чыдап берип келебиз. Учурда бардык техникалык тетиктер, күйүүчү май кымбаттагандыктан арга жокто жол акыны көтөрүштү. Эки окуучу бар болсо да шартка карап, көнгөнүбүз да туура. Бирок чындыгында жергиликтүү бийлик башка чоң шаарлар сыяктуу атайын мектеп окуучулары үчүн автобустарды уюштуруп коюшса же дагы башкача жолдорун карап окуучуларга жеңилдик бергени дурус болот эле.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, пенсионер Жетимиш ТӨРӨГЕЛДИЕВ пенсионерлердин жол акысын көтөрсө да, окуучулардын жол акысын көтөргөнү туура эмес дейт.

-Чындыгында бүгүнкү күндө автотранспорт тетиктери, күйүүчү май кымбаттап, айдоочулар да бир аз кыйналып калышты. Шаар депутаттары жол акыны көтөрүптүр. Макул, пенсионерлерге башка жүргүнчүлөр сыяктуу төлөм төлөшүнө кошулам. Анткени пенсионерлер күндө жолдо жүрүшпөйт. Зарыл жумуштары менен айрым учурларда гана жол жүрүшпөсө, көбүнчө үйлөрүндө эс алышат. Андан сырткары пенсионерлердин өзүнө таандык пенсиясы- акча каражаты бар. Кудайга шүгүр, мамлекет ар алты айда 10-20 пайыз көтөрүп да жатат. Пенсиябыз өзүбүзгө тамак-аш, жол жүрүүгө, дары-дармектерибизге жана башка зарыл муктаждыктарыбызга жетерлик.

Ал эми окуучуларга келсек, буларга 5 сомдон жол акы төлөө эле туура болмок. Аларга 10 сомдон төлөө көпчүлүк ата-энелердин чөнтөгүнө оор болуп калат. Анткени окуучу өзү бир сом таппайт ата-эненин карамагында. Айрым үй-бүлөлөрдүн социалдык муктаждыгын, бир үй-бүлөдө 2-3төн окуучу бар экендигин эске алуу зарыл болчу. Бүгүнкү күндө бир окуучуга 20 сом жол акыга, анын шам-шум этишине чөнтөк каражатына да каражат беришет да. Ошондо орто эсеп менен бир окуучу күнүнө бир стакан ыссык чай менен эки пирашки жесе 30 сом, жол акысы 20 болуп отуруп жалпы сумма 50 сомго барат. Бир бала айына 1000 сомдон ашык каражат сарптайт экен. Бала күнүнө 10 сомдук пирашки жей бербейт да. Үй-бүлөдө үч баласы окуган ата-эне балдарына айына жолго 3000 берсе алардын кийими, башка керектөөлөрүн эсептегенде бир топ эле кыйынчылык болуп калчудай. Ар бир нерсеге чечим кабыл аларда ар тараптуу кароо зарыл. Шаар депутаттары элдин чөнтөгү менен да эсептешиши керек болчу.

Жалал-Абад шаар бийлиги, ошол элдин камын ойлогон депутаттар шаар окуучулары жана пенсионерлери үчүн атайын мамлекеттик автобустарды каттатып койсо болот. Мурда 10 сомдон автобуз каттачу. Азыр ошолор эмнегедир жок, көрүнбөйт. Жеп, тоноп, талкалап бүтүштү окшойт.

Ардагер Рысбай ЖУМАБЕКОВ, Сузак районунун Ынтымак айылынын тургуну. Ал шаар депутаттарынын элге талкууга салбай жең ичинде жол акыны көтөрүү үчүн чыгарган чечимине караманча каршы.

-Шаардык кеңеш шаардын аймагында баардык жүргүнчүлөр үчүн жол акы 15 сомдон төлөнсүн жана окуучулар жаш өзгөчөлүгүнө карабай баары 10 сомдон төлөө чечимин кабыл алганы менен кичи автобустар бул буйрукту көрсөтө албай оозеки түрдө жол акы көтөрүлгөнүн айтып, пенсионерлерден жана окуучулардан көтөрүлгөн баада жол акы алып башташты. Биринчиден, ошол чечимди маршруттарга элге тааныштыруу максатында илип коюусу зарыл. Экинчиден, окуучуларга жана пенсионерлерге карата жол акыны көтөргөнү туура эмес.

Негизи окуучуларга болгон айдоочулардын мамилеси өтө жаман болуп калды. Аларды каалаган сөздөр менен басынтып сүйлөп, өтө корс мамиле жасап жатышат. Баардыгыбызда бала-чака бар. Ошолордун келечеги деп аларга кам көрүп жашап келебиз. Айдоочулардын жырткычтай мамилесин көрүп жаның кашаят. Анчалык болгон болбойт.

Башка шаарларда, мисалы, Ош, Бишкек шаарларында окуучуларга баа 5 эле сомдон. Жергиликтүү бийликтин шалаакылыгы болуп жатат. Окуучуларга бааны көтөргөндүн ордуна аларга жеңилдик, мүмкүнчүлүк түзүп бербейби? Атайын окуучулар үчүн маршруттук каттамдарды жүргүзүп койсо боло турган. Пенсия көбөйүп жатат деген таризде пенсионерлердин жол акысын да көбөйтүп коюшуптур. Пенсия деле окчой эле көтөрүлүп жатат да. Бир жарым миңден эки миңге чейинки акча каражат кошулат экен. Аны али колубузга албай туруп, минтип жол акыны көтөрүшкөнү туура эмес. Чечим кабыл алаардан мурда кичине элдик талкууга коюсу керек эле. Үч-төрт адамдын кызыкчылыгын ойлоп, башкалардын абалын эске албай жең ичинде иш бүтүрүшкөнү, албетте нааразычылыкты пайда кылат.

Мындан сырткары шаарга караган, бирок шаардын бир аз сыртына каттаган №11 жана №12 маршруттук каттамдар депутаттардын буйругун жакшы түшүнүшкөн эмеспи, эмнегедир алар жалпы жүргүнчүлөрдүн жол акысына 5 сомдон кошуп алышыптыр. Бул эмне дегендик. “Күрүчтүн суусу менен күрмөк суу ичет” болуп, пенсионерлер менен окуучулардын акысы тууралуу сөз болуп жатса, эмненин негизине таянып жалпы бардык жүргүнчүлөрдүн жол акысын көтөрүп алышты? Аталган эки маршруттук каттамдардын жол акылары тууралуу тескеп коюу зарылдыгы келип турат.  Же алар үчүн депутаттар башка жүргүнчүлөр үчүн да 5 сом кошуп алгыла деген чечимин чыгарышканбы?

Жалал-Абад шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек ОРОЗБАЕВ айдоочулар да биздин эл дейт.

-Шаардык кеңештин депутаттарынын 29- сентябрындагы кезектеги сессиясында шаар аймагындагы коомдук транспорттордун жол акыларын көтөрүү боюнча токтом кабыл алганбыз. Бизге аткаруу бийлигинен 309 сандуу каттын негизинде сунуш түшкөн. Катта негиздер белгиленген: учурдагы күйүүчү майдын баасынын кескин жогорулоосуна байланыштуу мектеп окуучуларына жана пенсионерлерге болгон жеңилдиктерди жокко чыгарып берүү маселесин сунушташкан. Бүгүнкү күндө баарыбызга белгилүү бардык нерселерге азык-түлүккө, күйүүчү майга жана автотетиктерге болгон баалардын көтөрүлүүсү байкалууда. Айдоочулар да биздин эл. Көпчүлүгү жумуш таштоого чейин барышууда. Ошол эле айдоочунун да баласы окуучу, ата-энеси пенсионердир. Андыктан бул маселени чечүүдө ар тараптуу карап, антимонополия менен макулдашып, баалардын бардык тарапта өсүүсүн эске алып, чечим кабыл алдык. Бизге окуучуларга жана пенсионерлерге болгон жеңилдиктерди алып, жол акыны баарына бирдей 15 сомго көтөрүү сунушу берилген. Бирок биз ага макул болбой, мектеп окуучулар ата-эненин каражатын карап отурганын эске алып аларга 10 сом, ал эми пенсионерлерге болгон жеңилдикти алдык. Аны алуубуздун себеби, биздин Жалал-Абад шаары облустун борбору болгондуктан бизге сырттагы башка райондордон да пенсионерлер келет. Биз шаарыбыздын пенсионерлери үчүн гана жеңилдик карасак, башка пенсионерлер да ал мүмкүнчүлүктү колдонушат экен. Ошол пенсионерлер менен айдоочулар ортосунда түшүнбөстүк жаралып келет. Андыктан биз ушул шаар пенсионерлерине болгон жеңилдик графабызды жалпыга бирдейлеп жокко чыгардык. Мындан сырткары чоң класстын окуучулары үчүн бейджик тагуу сунушу берилди. Анткени студент менен чоң класстын окуучусун айырмалап, жол акы алуу керек. Булардын баары учур талабына ылайыкташтырылды. Эгер эртең күйүүчү май, авто тетиктер жана азык-түлүккө болгон баалар арзандаса, жол акылар кайра каралып мурунку калыбына келет же ошол мезгилине, шарттарга карата өзгөрүлөт.

Ал эми 2008-жылы Кытай Республикасынан бизге жардам катары келген автобустар өз учурунда арзандатылган баада жүргүнчү ташып келсе, учурда ал автобустар жараксыз абалга кептелип, 4-5өө гана жүрүп жатат. Ал шаардын бардык каттамдарына жетишпейт. Анткени шаар чоң, маршруттук линиялар көп. Ошону менен бирге бизге катталган шаар калкынын саны 126 миң болгон менен шаарыбызга кирип чыккан жалпы элдин саны 300-400 миң адамды камтыйт.

Шаардык кеңеш буга чейин аткаруу бийлигинин сунушу менен 7 пайыздык кредитке жаңы автобустарды алып, шаардагы муниципалдык автобустарды көбөйтүп, элге туруктуу бааны коюп берүү сунушун бекитип бергенбиз. Кандайдыр бир себептер менен тагыраагы учурдагы жүргүзүлүп жаткан шаар аймагында таза суу тартуу жумуштары да кредиттин эсебинен аткарылып жаткандыктан, шаардын кредити бар экендигин эске алып, финансы министрлиги тарабынан биздин автобустарга болгон колдоосу ишке ашпай турат. Жогорудагы кредитке келе турган электробустун бир даанасы 100 миң доллар турат. Аны алып ал өзүн актаганча, кредит төлөп олтурганча ошол 100 миң долларга коңшу Өзбекстан мамлекетинен чыккан кичи автобустарды алуу сунушбузду билдирдик. Бул автобустар бензин же дизил менен иштебей газ менен иштейт. Демек, газ менен жүрсө үнөм да болот, айлана-чөйрөгө зыяндуулугу да аз болот. Бул автобустар Бишкек шаарында иштеп, практикаланууда. Бул багытта Жалал-Абад шаарында да иштер жүргүзүлүп жатат.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Элдос ТАЕВ жол акыны көтөрүүгө муктаждык жаралганын, мажбур болушканын айтты.

-Жалал-Абад шаары боюнча 14 багыттагы транспорттук каттамдары 9 транспорт ЖЧК ишканаларына тендердин негизинде бекитилип, 280ден ашык айдоочулар жумуш алып барышат. Бир күндө шаар боюнча 150 маршрут каттамы иштейт. Шаардык каттамдар түйүнү баардык аймактарды камтып, негизги жолдордо 5-7 мөөнөттүк аралыкта коомдук кичи автобустар калкты тейлеп, транспортко болгон муктаждыктарды чечип келүүдөбүз. Шаар калкынын сунуштары, арыздары боюнча жаңы каттамдар изилденип, ишке ашыруу боюнча жумуштар аткарылды жана учурда да иштер жүргүзүлүүдө. Учурда шаардык мэрия тарабынан ачылган муниципалдык базарга баруучу кичи автобустардын жол жүрүү чиймелери жаңыланып, талапка ылайык кичи автобустар жүрүүдө.

2021-жылдын 1-декабрында шаардык кеңештин токтомунун чечимине ылайык шаар аймагында шаар пенсионерлери үчүн жол акы 8 сом, шаар окуучулары үчүн 5 сом каралган. Ал мезгилде күйүүчү майдын баасы 63 сом болгон. Учурда күйүүчү майдын баасы 79 сом 50тыйын. Ошону менен бирге унаа тетиктерине болгон баа да эселеп көтөрүлдү. Кичи автобус айдоочулары иш таштоого чейин барышты. Ошондуктан баарын мыйзам чегинде карап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аргасыз ушул кадамдарга барууга туура келди.

Чындыгында көп балалуу үй-бүлөлөргө окуучулардын жол акысын 5 сомго көтөрүү капчыгына билинет. Анткен менен бардык нерселерге болгон баанын өсүшү жол акыны көтөрүүгө муктаждык жаратты.

Биздин муниципалдык автобазада Кытай мамлекети белек кылган автобустар бар. Бирок алардын иштөө мөөнөтү аяктап, жараксыз абалга кептелген. Ошентсе да учурда 5-6 автобус эскилиги жеткенине карабай иш жүргүзүүдө. Бирок баардык каттамдарды тейлөөгө мүмкүнчүлүк жетпейт. Андыктан шаар мэри оптималдуу вариантын карап, катуу аракети менен жакынкы арада Кытай мамлекетинен 10 даана электр тогу менен жүргүзүлүүчү автобустарды алып келүүнүн үстүндө сүйлөшүү, документ иштерин жүргүзүүдө. Буйруса ошол автобустар келсе, бир топ үнөмдүү жана жаратылышыбызга да зыяндуулугу жок болот. Кийинчерээк алардын санын өстүрүү аракети болот.

Аэлина АЛИШЕРОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17