Аймак

ТОКАЕВ ШАЙЛООГО “ЭЛДИК КОАЛИЦИЯДАН” БАРАРЫН БИЛДИРДИ

ТОКАЕВ ШАЙЛООГО “ЭЛДИК КОАЛИЦИЯДАН” БАРАРЫН БИЛДИРДИ

 1,005 Бардыгы /

Казакстан лидери Касым-Жомарт Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого “элдик коалициядан” барарын билдирди.  Үч коомдук уюм менен үч партиядан турган коалициянын түзүлгөнү 6-октябрда жарыяланган.

Токаев анын талапкерлигин колдогон “элдик коалициянын” форумунда көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, шайлоо таза жана адилет өтөрүнө кайрадан убада берди.

Токаев өз сөзүндө Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү мактап, мамлекеттик түзүлүштүн башкы формуласы – күчтүү президент – таасирдүү парламент – отчет берүүчү өкмөт экенин белгиледи.

6-октябрда Amanat, “Ак жол” жана Казакстандын Элдик партиясы Токаевдин талапкерлигин президенттикке көрсөткөн.

Андан бир күн мурун Токаев президенттикке бир партиядан эмес, коомдук-саясий күчтөрдүн кеңири коалициясынан ат салышууга ниеттенип жатканын айткан.

1-сентябрда мамлекет башчы мөөнөтсүз президенттик шайлоо тууралуу жарыялаган. Аны менен бирге Конституцияга киргизилген түзөтүүлөргө кол койгон. Ага ылайык, президент эми жети жылга шайланат.

Айрым эксперттер Токаев бул шайлоо аркылуу өз позицияларын бекемдеп алууну көздөгөнүн айтышат.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17