Аймак

ӨРТ КЕЧИРБЕЙТ

ӨРТ КЕЧИРБЕЙТ

 1,548 Бардыгы /

Шаарыбыздын тургундары жана коноктору Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү сиздерге өртүү болтурбоонун, алдын алуунун төмөндөгү эрежелерин эскертет.

– үйдөн жумушка чыккан убакта үйүңүздөгү баардык электр жылыткычтарды, газ приборлорду толук өчүрүүнү унутпаңыз.

– үйүңүздө жаш балдарды кароосуз калтырбаңыз.

– Өрт менен ойноо чоң кырсыка алып келерин жаш балдарга эскертип туруңуздар.

– Электр зымдарын жана приборлорду дайыма оң абалда кармоо зарыл жана аны атайын адистерге текшертип туруңуздар.

– Электр эсептегтчине жасалма электр предохранитель колдонуу кооптуу.

-Турак үйлөрдө мештерди жагуудан алдын моорлорду тазалоого жана  жумасына жагылуучу мончону кароосуз калтырбоону.

-Ачык от же аркандай ачык мештерге кийим кечелерди үстүнө илип курутууга тыю саларын. 

-Бөлмөнүн ичинде газ жытын сезсеңиз жанып турган светти өчүрбөңүз өчүп турган светти жандырбаңыз. Бөлмөнүн эшик терезелерин ачып сыртка чыгып атайын адистерге кабар берип газ турбаларын көздөн кечиртиңиз.

– Өрт кырсыгы чыкканда  101же 112-телефондоруна кабар берүү менен өрт чыккан даректи анык айтышыңыздар керек.

– Өрттү өчүрүүдөн алдын алуу оңой экенин дайыма көңүлүңүздөрдө болсун.

А.САТЫБАЛДИЕВ, Жалал-Абад шаары боюнча ӨКБнүн ӨӨжААБнүн улук офицери, улук лейтенант                

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17