Өлкө аймактары менен кубаттуу
МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
751 Бардыгы / Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) Биринчи радиосу жана НТС каналы “Азаттыктын” теле жана радиоберүүлөрүн обого чыгарууну токтотту. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. Алардын “Азаттыкка” жөнөткөн расмий катында спутниктен сигналды кабыл алган жабдык (UMH 160 R) иштен чыккандыгына байланыштуу берүүлөр обого чыкпай турганы айтылат. 13-ноябрдан […]
752 Бардыгы / Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) Биринчи радиосу жана НТС каналы “Азаттыктын” теле жана радиоберүүлөрүн обого чыгарууну токтотту. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. Алардын “Азаттыкка” жөнөткөн расмий катында спутниктен сигналды кабыл алган жабдык (UMH 160 R) иштен чыккандыгына байланыштуу берүүлөр обого чыкпай турганы айтылат. 13-ноябрдан […]
УТРК жана НТС КАНАЛЫ “АЗАТТЫКТЫН” РАДИО, ТЕЛЕБЕРҮҮЛӨРҮН ОБОГО ЧЫГАРУУНУ ТОКТОТТУ
15.11.2022 / Автор anarkan_kg

753 Бардыгы /
Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) Биринчи радиосу жана НТС каналы “Азаттыктын” теле жана радиоберүүлөрүн обого чыгарууну токтотту.
Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. Алардын “Азаттыкка” жөнөткөн расмий катында спутниктен сигналды кабыл алган жабдык (UMH 160 R) иштен чыккандыгына байланыштуу берүүлөр обого чыкпай турганы айтылат.
13-ноябрдан тартып “Азаттыктын” теле жана радиоберүүлөрүн НТС каналы жана анын алдындагы “Санжыра” радиосу обого чыгарбай калды. Муну мекеменин жетекчилиги оозеки билдирген жана анын себептерин түшүндүргөн эмес. Эмненин негизинде мындай чечим кабыл алынганы расмий айтыла элек. “Азаттык” НТСтин жетекчилигине кайрылып, соңку жагдай тууралуу расмий түшүндүрмө сурады.
НТСтин жетекчиси Айдай Ивакова 13-ноябрдын кечинде редакция менен байланышып, “Азаттык” радиосунун “уктуруу, көрсөтүүлөрүн силер мамлекет менен маселеңерди чечишмейинче кое албайт экенбиз” деген маалыматты айтуу менен чектелген. Кимден көрсөтмө алганы жана эфирди токтотууга эмне негиз болгону, ал үчүн тиешелүү расмий кагаздын бар-жогун маалымдай албай турганын айткан.
13-ноябрда “Азаттык” Ивакова менен байланышканда, “себебин мен деле толук билбейм” деген жооп узатып, маалыматты дүйшөмбү күнү тактап бере турганын билдирген.
“Азаттыктын” таңкы жана кечки радио берүүлөрү “Санжыра” аркылуу 2018-жылдан тартып обого чыгып турган.
Мындан тышкары “Данисте”, “Эже-сиңдилер”, “Азаттык+” жана “Бийлик сырлары” телепрограммалары НТС телеканалынан чыгып келген.
26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медианы” каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.
31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн.
2-ноябрда “Демирбанк” эсеп “Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесине ылайык бөгөттөлгөнүн билдирип, бул боюнча Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына кайрылууну сунуш кылган.
Финансылык чалгын кызматы, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) расмий жооп бере элек.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.
“Журналисттерди коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists – CPJ) эл аралык укук коргоо уюму кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банктагы эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алууга чакырды. Уюмдун 4-ноябрда тараткан билдирүүсүндө “Азаттыктын” ишине тоскоолдук кылуу аракеттери токтотулушу керектиги жазылган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИНИН ҮЧ ОРУН БАСАРЫ КЫЗМАТЫНАН КЕТТИ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
-
19.08.2025 / Автор anarkan_kg СУЗАКТА КУМ-ШАГЫЛ ЖАНА БЕТОН ӨНДҮРҮҮЧҮ ЗАВОД АЧЫЛДЫ
-
02.09.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.