Өлкө аймактары менен кубаттуу
ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО
КЫЛЫМ КАРЫТКАН МЕКТЕП
МИЛИЦИЯ ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУДА
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
685 Бардыгы / 14-ноябрда Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү. Жыйын палатанын “Ютубдагы” каналына жарыяланды. Документти парламенттин 100дөн ашык депутаты дароо үч окууда колдоду. Долбоор тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов маалымат берип, чек ара боюнча сүйлөшүүлөр оңой болбогонун айтты. […]
686 Бардыгы / 14-ноябрда Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү. Жыйын палатанын “Ютубдагы” каналына жарыяланды. Документти парламенттин 100дөн ашык депутаты дароо үч окууда колдоду. Долбоор тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов маалымат берип, чек ара боюнча сүйлөшүүлөр оңой болбогонун айтты. […]
ӨЗБЕК ПАРЛАМЕНТИНИН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ПАЛАТАСЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ БОЮНЧА МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН ЖАКТЫРДЫ
15.11.2022 / Автор anarkan_kg

687 Бардыгы /
14-ноябрда Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү.
Жыйын палатанын “Ютубдагы” каналына жарыяланды. Документти парламенттин 100дөн ашык депутаты дароо үч окууда колдоду. Долбоор тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов маалымат берип, чек ара боюнча сүйлөшүүлөр оңой болбогонун айтты.
“Кошуна мамлекеттер менен чек ара маселесинде сүйлөшүү оңой болбой жатат. Узакка созулган талаш-тартыш жана машакаттуу жолдор менен чек араны кадамдап өлчөп, бир канча жолу өкмөттөр аралык жолугушууларды өткөрүп, архивдик документтерди карап, ошондон кийин сунуштар даярдалууда. Урматтуу президентибиздин кошуна Кыргыз Республикасы менен өз ара достук алаканы бекемдөө жаатындагы демилгелеринин негизинде чечими табылбай жаткан 35 участканы, жалпы узундугу 302 чакырымды тактоо жараяны акыркы баскычка жетти. Бул келишимге жетүүгө беш жылдан ашуун убакыт короттук. Бүгүн силерге сунушталган мыйзам долбоору менен тастыкталып жаткан келишимге оңой жетишилген жок. Кол коюлган макулдашууда республикабыз үчүн стратегиялык мааниге ээ бир катар зарыл көйгөйлөр чечилүүдө”, – деди Абдулла Арипов.
Эми мыйзам долбоору Сенатка жөнөтүлөт.
3-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, өкмөттөр ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.
Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырган.
Бул комитет 15-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун карайт деп күтүлүүдө.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик “Кабар” агенттигине курган маегинде кош башкарууда “кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын” билдирген.
Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.
Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярданды” деген шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда нааразылык акциялары өткөн.
Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДА БАШТАЛДЫ
-
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО
-
22.02.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
-
28.02.2024 / Автор anarkan_kg «АЛАЙ» ФУТБОЛ КОМАНДАСЫНЫН ТЕЛЕФОНДОРУН УУРДАП КЕТИШТИ
-
13.03.2024 / Автор anarkan_kg БЫЙЫЛ ОШ ШААРЫНА 1,5 МИЛЛИОН ДААНА ГҮЛ ОТУРГУЗУЛАТ
Маек
ОШТОГУ ООРУКАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛЕП КЕЛЕ ЖАТАТ
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Ош шаарында жайланышканы менен…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.