Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
703 Бардыгы / Ар бир кризис – бул чоң мүмкүнчүлүк. Уинстон ЧЕРЧИЛЛЬ, Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн Элдик курултайында ушул тапта кендирди катуу кескен олуттуу маселелер үстөккө-босток көтөрүлдү. Иш-чаранын делегаттары саналган жүйөөлүү көйгөйлөрдү ушул жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өтүүчү республикалык курултайда дагы ачыктап, булардын токтоосуз чечилишин Борбордук бийликтен талап кылууну башкалаага аттанышчу өкүлдөрүнө ыраса […]
704 Бардыгы / Ар бир кризис – бул чоң мүмкүнчүлүк. Уинстон ЧЕРЧИЛЛЬ, Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн Элдик курултайында ушул тапта кендирди катуу кескен олуттуу маселелер үстөккө-босток көтөрүлдү. Иш-чаранын делегаттары саналган жүйөөлүү көйгөйлөрдү ушул жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өтүүчү республикалык курултайда дагы ачыктап, булардын токтоосуз чечилишин Борбордук бийликтен талап кылууну башкалаага аттанышчу өкүлдөрүнө ыраса […]
ОШТУКТАР ПРЕЗИДЕНТТЕН ОЛУТТУУ КӨЙГӨЙЛӨРДӨН ЧУКУЛ АРАДА АРЫЛТУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ
18.11.2022 / Автор anarkan_kg705 Бардыгы /
Ар бир кризис – бул чоң мүмкүнчүлүк.
Уинстон ЧЕРЧИЛЛЬ,
Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн Элдик курултайында ушул тапта кендирди катуу кескен олуттуу маселелер үстөккө-босток көтөрүлдү. Иш-чаранын делегаттары саналган жүйөөлүү көйгөйлөрдү ушул жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өтүүчү республикалык курултайда дагы ачыктап, булардын токтоосуз чечилишин Борбордук бийликтен талап кылууну башкалаага аттанышчу өкүлдөрүнө ыраса сунуш этишти.
Улукбек САТЫБАЛДИЕВ, Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн Элдик курултайынын делегаты: – Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн Элдик курултайы адегенде эле мыйзамсыз башталды. Анын төрагасы али шайлана электе күн тартиби күтүүсүздөн гана бекилип олтурат. Демек, Ош шаарынын мэриясы бул тагдыр чечүүчү иш-чарага анчалык маани бербегендеги, чындыгында, мени аябай эле өкүндүрөт.
Абдырайым ЖОРОКУЛОВ, Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн Элдик курултайынын делегаты: – Эй, туугандар! Биз азыр өз ара ыркыраша турган кез эмес! Ынтымакка жана ымалага келбейлиби? Андыктан. биринчиден, республикалык курултайда коопсуздук маселеси сөзсүз көтөрүлсүн! Анткени, коңшубуз Баткен жергеси дагыле тынч эмес! Чек ара маселеси азыр деле өтө курч бойдон турат. Экинчиден, коңшу мамлекеттер арасында кызуу талашкка түшкөн Кемпир-Абад суу сактагычынын тагдыры дагыле биржаңсыл чечиле элек…
Бахтияр МАМАДЖАНОВ, Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн Элдик курултайынын делегаты, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты: – Расмий түрдө Ош шаары – Кыргыз Республикасынын экинчи борбору. Бир катар Аймактык Кеңештерден куралган. Ошого карбастан канализация калаабызда дагыле чоң көйгөй! Республикалык бюджеттен атайын акча бөлдүртүп, аны токтоосуз түрдө реконтрукциялообуз кажет! Минтпесек, мунун кесепети кийин катуу болот…
Кубатбек МАМЫТОВ, Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн Элдик курултайынын делегаты: – Кыргызстанда ушул тапта дегеле пландуу экономика жок! Ошондуктан, кадрдык таңкыстыкка кептелип, өлкөбүздө жемкорлук каалашынча гүлдөп-өсүп жаткан чагы. Эң эле кейиштүүсү: Улуттук идеологиябыз жок! Кай багытка жана дагы эмне үчүн бара жатканыбызды эч кимибиз деле билбейбиз…
Эркин АБДЫРАЗАКОВ, Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн Элдик курултайынын делегаты: – Ыя, айланайын! Байкадыңарбы? Ош шаарындагы Амир Темир Аймактык Кеңеши калаадагы кадимки эле анклавга айланган. Ал жерде Кыргыз бийлиги дээрлик жок! Азыр тоготпосттука салып, анчалык маани бербей жатасыңар? Мунун чукул арада чарасын көрүп, анан дагы тартипке салбасаңар, кийинчерээк куп гана азабын тартасыңар… Анан дагы инфляция балээсинин ыкчам ооздуктабайсыңарбы? Бааларды карагыла? Күн өткөн сайын көкөлөп эле баратат. Муну дал азыр тыйбасаңар, мунун акыры дагы сөзсүз баарыбыздын түбүбүзгө жетет…
Жамийла КАДЫРОВА, Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн Элдик курултайынын делегаты: – Ош шаарындагы айтылуу Тешик-Таш жана Бостон базарларын калаанын четине токтоосуз түрдө көчүргөн оң. Биринчиден, автотыгын тыйылат. Экинчиден, экологиябыз тазарат. /чүнчүдөн, ар кандай жугуштуу оорулар дагы дээрлик азаят. Минтпесек, жогоруда саналган проблемалардан эзели кутулбайбыз!
Баса, Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн Элдик курултайында мектептердин жана бала бакчалардын жетишпестиги, жогорку окуу жайларын кошуу-бириктирүү зарылчылыгы, экстремисттик диний агымдардын мүчөлөрүнө кылмыш жазасын катаалдаштыруу, Ооган талибдери тарабынан коркунучту жок кылуу, Ош шаарына Кыргыз Республикасынын экинчи башкалаасы макамына ылайык мамиле кылуу өңдөнгөн проблемалар үстөккө-босток айтылды.
Тилекке каршы, аталган Элдик курултайга Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов өзү катышкан жок. Андыктан, элдин муң-зары дагы түзүк тыңдалбай калды. Чогулуш залында айтылып гана кала берди. Ал эми Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков айтылган сын-сунуштар көңүл борборунда болоорун гана бекем убадалап, араң кутулду.
Айтмакчы, Президент Садыр Жапаров өзү демилгелеген республикалык Элдик курултай ушул жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өткөрүлөт. Буга Ош шаарынан 30 гана делегат шайланды. Аларга сөз тийип, олуттуу көйгөйлөр өлкө жетекчилигине кабыргасынан коюлаар бекен?!? Эми кеп ушунда калды…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
14.12.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕН ОБЛУСУН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ ИШТЕРИ
-
22.12.2023 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКАДА АТКЕЗЧИЛИККЕ КӨМӨКТӨШКӨН 8 ЧЕК АРАЧЫ КАРМАЛДЫ
-
10.01.2024 / Автор anarkan_kg “ЖМК ЖӨНҮНДӨ” ӨКМӨТ СУНУШТАГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТҮШТҮ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.