Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,054 Бардыгы / Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарынын ишкерлери көмүрдү автоунаа менен ташууга киргизилген убактылуу чектөөнү токтоосуз түрдө алып салууну Кыргыз Өкмөтүнөн абдан катуу талап кылып жатышкан чагы. Анткени, мунун кесепетинен “кара алтын” баасы аймакта кескин түрдө төмөндөп, булардын үй-бүлөсүн баккан соодасы дагы таптакыр жүрбөй калды. Бирок, жергиликтүү бийлик мындай чектөө жергиликтүү калкты арзан отун менен […]
1,055 Бардыгы / Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарынын ишкерлери көмүрдү автоунаа менен ташууга киргизилген убактылуу чектөөнү токтоосуз түрдө алып салууну Кыргыз Өкмөтүнөн абдан катуу талап кылып жатышкан чагы. Анткени, мунун кесепетинен “кара алтын” баасы аймакта кескин түрдө төмөндөп, булардын үй-бүлөсүн баккан соодасы дагы таптакыр жүрбөй калды. Бирок, жергиликтүү бийлик мындай чектөө жергиликтүү калкты арзан отун менен […]
СҮЛҮКТҮДӨ ТЫНЧ ЭМЕС!
18.11.2022 / Автор anarkan_kg

1,056 Бардыгы /
Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарынын ишкерлери көмүрдү автоунаа менен ташууга киргизилген убактылуу чектөөнү токтоосуз түрдө алып салууну Кыргыз Өкмөтүнөн абдан катуу талап кылып жатышкан чагы. Анткени, мунун кесепетинен “кара алтын” баасы аймакта кескин түрдө төмөндөп, булардын үй-бүлөсүн баккан соодасы дагы таптакыр жүрбөй калды. Бирок, жергиликтүү бийлик мындай чектөө жергиликтүү калкты арзан отун менен камсыдоо максатында гана жасалып жаткандыгын айтып актанып келатышат.
Кенчилердин айтылуу Сүлүктү шаарынан көмүр ташыган айдоочулар жана аны керектөөчүлөргө соодалашкан жеке ишкерлер “кара алтын” ташууга чектөө киргизилгенден тартып, анын баасы кескин түрдө төмөндөп кеткендигине кейип-кепчишүүдө.
-Ишкерлерибиз ушул жылдын сентябрь айындагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу – жаңжал кезинде жергиликтүү калкты куп гана колдодук, эй! – деп тызылдады сүлүктүлүк бизнесмен Замирбек МУРЗАЛЫ уулу. – Анткени, көмүрчүлөр бир жылдык кирешесин чек ара чырынан абдан катуу жапа чеккендерге каралашып, бүтүндөй ошолорго деп гана сарптап ийишти. Дал ошондой кийин кашайып моминтип Чек араларды күтүүсүз жаап, баарыбызды тең кашайтып жатышпайбы…
Мындай күтүүсүз чектөө, танып не. ишкерлерибизге эмес ошондой эле айдоочуларга, шахтачыларга жана дагы жергиликтүү калкка дагы куп гана кесепетин тийгизди.
-Сүлүктү шаарында биз ушул көмүр менен гана эптеп жансактайбыз. Калаабызда тээ Союз маалындагыдай өндүрүш (завод жана фабрикалар) жок. Демек, жергиликтүү тургундар – баарыбыз тең ушул тапта жумушсузбуз! – деп ыйлактады “Сүлүктүлүк айдоочулар” коомдук бирикмесинин төрагасы Газбек МАРАСИЛОВ. – А түгүл иштеткенге 0,1 сотых жерибиз дагы жок! Ошондуктан, жыл бою көмүр ташып гана эптеп өлбөстүн күнү көрүп келатабыз. Буга улай бала-чакабыз жана дагы тууган-уруктарыбыз бүт ушул жердеги шахталарда тынымсыз эмгектенишет. Кыргыз Өкмөтүнүн чектөөсү кашайтып кендирибизди куп гана кесип олтурат.
-Биз сүлүктүлүк айдоочулар кышында үч айда гана бир жылга тете эптеп иштеп калабыз, – дешти Сүлүктү шаарынын айдоочулары бир ооздон. – Анткени, жазында жана жайында Сүлүктүнүн көмүрүн ит дагы албайт! “Кара алтынды” мобул коңшубуз Өзбекстанга үстөккө-босток ташып, үзгүлтүксүз сооодалап, ошону менен гана жансактайбыз. Мына, эми оокат кыла турган маалыбызда Чек ара жабылып, ишибиз жүрүшпөй, а түгүл үй-бүлөбүз менен ачка дагы калып олтурабыз…
Сүлүктү шаарынын мэри Максат Кадыркулов жогоруда санакталган көйгөйлөрдү эч жашырган жок. Бирок, Кыргыз Өкмөтүнүн токтому, тескерисинче, жергиликтүү калкты арзан көмүр менен камсыз кылууну гана көздөгөндүгүн шардана кылды.
-Кыргызстандын ичинде көмүр соодалоо проблема эмес! Болгону “кара алтынды” экспорттоого гана убактынча тыюу салынды! – деп агынан жарылды Сүлүктү шаарынын мэри Максат Кадыркулов. – Албетте, жашырып не, мындай чектөө Өзбекстанга “кара алтын” ташыгандарга абдан эле катуу тийип жаткан чагы. Анткени, булар жыл сайын эле коңшу өлкөлөргө көмүр сатышып, ошону менен гана оокат кылышат. Ошондуктан, жергиликтүү калкка жетиштүү даражада көмүр өндүрүлсө. биз Кыргыз Өкмөтүнө бул убактылуу чектөөнү алып таштоону сунуш этебиз.
Айтмакчы. үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети “Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө” токтомун күтүүсүз жарыялаган. Буга ылайык автоунаалар менен Кыргызстандын ичинен башка өлкөлөргө “кара алтын” ташууга алты айга чейин тыюу салынган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ. өз кабарчы, Баткен облусу
Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
16.05.2025 / Автор anarkan_kg ЭНЕЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
-
09.06.2025 / Автор anarkan_kg БИШКЕК-БАЛЫКЧЫ БАГЫТЫНДАГЫ ЖОЛ КООПСУЗДУГУНА КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛӨТ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.