Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,039 Бардыгы / Орусиядагы кыргызстандык мигранттар башкаларга коркунуч жаратуучу жугуштуу оорусу бар же жогун Москвадагы атайын борбордон текшерткенде акы төлөбөй турган болду. Бул тууралуу 10-январда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин Орусия тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында кабыл алынды. Сөз Москвадагы “Көп функционалдуу миграциялык борбор” мамлекеттик мекемесиндеги […]
1,040 Бардыгы / Орусиядагы кыргызстандык мигранттар башкаларга коркунуч жаратуучу жугуштуу оорусу бар же жогун Москвадагы атайын борбордон текшерткенде акы төлөбөй турган болду. Бул тууралуу 10-январда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин Орусия тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында кабыл алынды. Сөз Москвадагы “Көп функционалдуу миграциялык борбор” мамлекеттик мекемесиндеги […]
МОСКВА: МИГРАЦИЯЛЫК БОРБОРДОГУ МЕДИЦИНАЛЫК ТЕКШЕРҮҮ АКЫСЫ ЖОЮЛДУ
11.01.2023 / Автор anarkan_kg

1,041 Бардыгы /
Орусиядагы кыргызстандык мигранттар башкаларга коркунуч жаратуучу жугуштуу оорусу бар же жогун Москвадагы атайын борбордон текшерткенде акы төлөбөй турган болду. Бул тууралуу 10-январда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин Орусия тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында кабыл алынды.
Сөз Москвадагы “Көп функционалдуу миграциялык борбор” мамлекеттик мекемесиндеги кызмат тууралуу жүрүүдө.
Ошондой эле аталган борбордогу медициналык текшерүү кызматтарынын тизмеси толукталып, жугуштуу оорулардын кошумча анализи башка мекемелерге жөнөтүлбөстөн, ошол жерден эле жасалмай болду. Чет өлкөлүк жаран эгер оорусу бар экени аныкталса гана Москванын атайын медициналык жайларына жөнөтүлөт. Ал жакта дарылоо үчүн акы алынбайт.
Орусияда миграциялык мыйзамдарга ылайык медициналык текшерүүдөн өткөн кыргызстандыктардын көбүнө “жыныстык жол менен жугуучу оорусу бар” деген диагноз коюлуп, аларды орус тарап бир гана клиникадан дарыланууга мажбурлап жатканын декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков айтып чыккан. Ал “Сахарово” борборунда ачылган медициналык жай текшерүүдөн өткөн ар бир мигранттан 5700 рубль алып, венерологиялык оорусу бар дегендерди дарыланууга кымбат клиникага жөнөтүп жатканын белгилеген. Кыргыз жарандарынын укугу бузулганы аныкталса, бийликтен чукул арада чара көрүүнү өтүнгөн.
Маселени парламенттин башка депутаттары да көтөрүп чыгышкан.
2021-жылдын 29-декабрында Орусияда “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” жана “Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жаңы миграциялык эрежелер иштей баштаган. Ага ылайык, чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл.
Орусиядагы мигранттарга коюлган жаңы талаптар аларга кошумча түйшүк жаратып жатканы, бул ЕАЭБ ичиндеги макулдашууларга карама-каршы келери тууралуу маселе Жогорку Кеңеште бир нече ирет көтөрүлгөн.
ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ 479 МЕКТЕПТЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ ӨТТҮ
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg ҮЧ АЙ ИЧИНДЕ ОЛУТТУУ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР АНЫКТАЛДЫ
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНА КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОРЛОРДУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg КАРА-СУУ ШААРЫНДАГЫ «МАНАС” СТАДИОНУ ЖАКЫНДА ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛАТ
-
23.07.2025 / Автор anarkan_kg ТАШИЕВ БАЗАР-КОРГОНДОГУ ИПОТЕКАЛЫК ҮЙЛӨРДҮН КУРУЛУШУН ТЕКШЕРДИ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.