Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
823 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында №4-отказанды иштетүү колго алынды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, аталган отказан шаардын 198 абонентин жылуулук менен камсыздап турат. Ушул тапта Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жергиликтүү тургундарды таза суу жана жылуулук менен камсыз кылуу боюнча тынымсыз иш […]
824 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында №4-отказанды иштетүү колго алынды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, аталган отказан шаардын 198 абонентин жылуулук менен камсыздап турат. Ушул тапта Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жергиликтүү тургундарды таза суу жана жылуулук менен камсыз кылуу боюнча тынымсыз иш […]
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНДА №4-ОТКАЗАНДЫ ИШТЕТҮҮ КОЛГО АЛЫНДЫ
18.01.2023 / Автор anarkan_kg

825 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында №4-отказанды иштетүү колго алынды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган отказан шаардын 198 абонентин жылуулук менен камсыздап турат. Ушул тапта Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жергиликтүү тургундарды таза суу жана жылуулук менен камсыз кылуу боюнча тынымсыз иш алып барылууда. Ушул тапта калаадагы 198 абонентти жылуулук менен камсыз эткен №4-от казанга атайын электр линиясы тартылып, насос орнотулуп, Майлуу-Суу дарыясынан от казанга сууну сордуруу жолу менен иштетүү боюнча жумуштар жүрүүдө. Бүгүн дагы калкты тиричиликке керектүү суу менен камсыздоо максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4 өрт өчүрүүчү унаасы жана Жергиликтүү бийликтин 2 суу ташуучу унаасы менен ичүүчү таза суу ташып беришүүдө.
Ошондой эле ППУ (атайы пар берүүчү) унаасы менен №4-отказандын кээ бир тоңуп калган системаларын жана Кутманова көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөргө жылуулук берилүүчү сыртта жайгашкан тоңуп калган суу түтктөрүн ээритүү иштери аткарылды. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарлары полковник Урматбек Шамырканов жана Эделбек Кулматов министрликтин жана Жогорку Кеештин кызматтарынын атайын тобун жетектеп, ыкчам түрдө тиешелүү демилгелерди көтөрүү менен тапшырмалардын аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алып жатышат.
Эске салаарыбыз: Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январь күнү шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1-, №3-, №4-отказандын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган. Ал эми 13-январь күнү Майлуу-Суу шаарынын аймагында III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
04.10.2024 / Автор anarkan_kg ШААР МЭРИ КУРУЛУШ ОБЪЕКТИЛЕРИНЕН КАБАР АЛДЫ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.