Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Соода-сатык
Конкурс ЖАМУ
КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

ОШ ШААРЫН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН ДОЛБООРУ КЕҢ-КЕСИРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

ОШ ШААРЫН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН ДОЛБООРУ КЕҢ-КЕСИРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

 780 Бардыгы /

          ОШ. Ош шаарынын мэриясында 2023-2026-жылдарда Кыргызстандын Түштүк башкалаасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан колдоо программасынын долбоору кенен-чонон талкууланды.

          Маанилүү иш-чарага аталган программаны иштеп чыгуу боюнча туруктуу жумушчу топтун мүчөлөрү, тактап айтканда, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, Ош шаарынын мэринин кеңешчиси Муктарбек Зулпукаров, «OloloOsh» компаниясынын башкы менеджери Гүлнура Абылкасымова, ошондой эле Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын өкүлдөрү, ОшМУнун профессорлору жана факультеттеринин декандары, бизнес-эксперттер, экономисттер, экологдор, Илимпоздор Кеңешинин мүчөлөрү дагы активдүү катышышты.

          Ошентип, аталган жыйындын алкагында Ош шаарын 2023-2026-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан колдоо программасынындолбоорунун бет ачаары айкын жүрүп, экономикалык, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык чөйрөдөгү эксперттер, окумуштуулар тиешелүү сын-сунуштарды жана баалуу демилгелерди ачык айтышты.

          Аталган программанын долбооруна ылайык беш эң негизги багыт тандалып алынды:

– экономикалык саясат;

– шаарды башкаруунун заманбап системасын түзүү;

– шаар куруу жана муниципалдык менчик чөйрөсү;

– коммуналдык чөйрөнүн инфраструктурасын жакшыртуу;

– социалдык чөйрө.

          Санариптик технологияларды өнүктүрүүгө көңүл буруу, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо системаларын реабилитациялоо, экологиялык көйгөйлөр, атап айтканда, катуу таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү, калк арасында экологиялык маданиятты тарбиялоого көңүл буруу боюнча дагы баалуу сын-сунуштар айтылды. Соңунда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев баса белгилегендей, 2023-2026-жылдарга Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан колдоо программасын иштеп чыгууда бардык сын-сунуштар толук бойдон эске алынат.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17