Өлкө аймактары менен кубаттуу
МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ
ОШТОГУ «ИСЛАМБЕК» КАФЕСИ МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,129 Бардыгы / БИШКЕК. 2023-жылдын 27-февралында ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартиптин сакталышы, кылмыштардын бетин ачуу жана алдын алуу багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар туурасында ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, облустук жана шаардык ички иштер органдарынын башчыларына онлайн кеңешме өткөрдү. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, анда жарандардын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо, кылмыштарды жана укук бузууларды […]
1,130 Бардыгы / БИШКЕК. 2023-жылдын 27-февралында ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартиптин сакталышы, кылмыштардын бетин ачуу жана алдын алуу багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар туурасында ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, облустук жана шаардык ички иштер органдарынын башчыларына онлайн кеңешме өткөрдү. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, анда жарандардын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо, кылмыштарды жана укук бузууларды […]
МИНИСТР ЖАРАНДАРДЫН КООПСУЗДУГУ ҮЧҮН РЕСПУБЛИКАНЫН БАРДЫК АЙМАГЫНДА ВИДЕОКАМЕРАЛАРДЫ ОРНОТУУНУ ТАПШЫРДЫ
27.02.2023 / Автор anarkan_kg1,131 Бардыгы /
БИШКЕК. 2023-жылдын 27-февралында ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартиптин сакталышы, кылмыштардын бетин ачуу жана алдын алуу багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар туурасында ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, облустук жана шаардык ички иштер органдарынын башчыларына онлайн кеңешме өткөрдү. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, анда жарандардын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо, кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу же бетин ыкчам ачуу үчүн калк жыш жайгашкан жерлерге, көчөлөргө
видеокамераларды орнотуу боюнча талкуу болуп, ИИМ башчысы бир катар
тапшырмаларды берди.
“Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамы боюнча жер-жердеги ички иштер
органдарынын жетекчилери, мыйзамдын алкагында иш алып барып, камераларды
орнотуу боюнча аракет жүргүзбөй жатасыздар. Муну, кемчилик катары
белгилеп кетмекчимин. “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамды жөнгө
салуунун предметинде, аны колдонуу милдетинде кылмыштуулукка каршы
күрөшүү, укук бузууларды алдын алууга карата кошумча чараларды түзүү
тартиби так жазылып турат. Аталган мыйзамдын туура аткарылышы боюнча,
ички иштер органдарына тапшырма:
Биринчи багыт: Калк жыш жайгашкан шаарларга жана алардын айланасындагы
мерчемдүү жерлерге видеокамераларды орнотуу колго алынсын.
Анын ичинде, жергиликтүү аймактык башкармалыктардын жетекчилери, үй
комитеттери, мекеме ишканалардын, кафе, ресторан жана элди тейлеген
түйүндөрдүн ээлери жана администраторлору менен сүйлөшүп, мыйзам менен
жагдайды туура түшүндүрүп, видеокамераларды орнотууга карата иш алып
барылсын;
Экинчи багыт: Ири соода борборлоруна, базарларга, мал базарларга, эл көп
чогулган аймактарга, алардын айланасындагы объектилерге видеокөзөмөл
режимин киргизүү ишке ашырылсын;
Үчүнчү багыт: Шаар, район жергесиндеги борбордук аянттарда, айыл
аймактардагы чоң көчөлөрдө, мектептерде, бала-бакчаларда, унаа
каттамдары өткөн жерлерде, автобекеттерде, мамлекеттик маанидеги
трассаларда, ички жолдордо аталган тутум биринчи кезекте ишке
киргизилүүсү уюштурулсун.
Санарип тармагы – элдин бейпил жашоосуна кам көрүү үчүн жасалып жаткан
маанилүү кадам экендиги коомчулукка так жеткирүү керек ай сайын кайсы
ички иштер органы канча жерге видео-камераларды орнотту, алардын Ички
иштер министрлигине туташтырылгандыгынын аткарылышын көзөмөлгө алууну
Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгына тапшырмамын”,- деди
министр.
Буга чейинки кеңешмелерде жана жакында эле болуп өткөн коллегияда ИИМ
жетекчилиги тарабынан кылмыш катталгандан кийин анын кесепети менен
күрөшпөй, алдын алуу чаралары күчөтүлсүн деген тапшырма коюлган. Бирок,
ал талаптар кээ бир жетекчилерге жетпей жаткандай пикир жаратып
жаткандыгы бүгүн баса белгиленди.
“Ошондуктан кылмыштардын бетин ачуу, сотко жөнөтүү, элдин
турмуш-тиричилигине терс кесепетин тийгизген фактыларга бөгөт коюп,
алдын алуу чараларын күчөтүү керек.
Бети ачылбай калган бардык фактылардын тизмеси менде бар жана жеке
көзөмөлүмдө турат. Кайсы жетекчи кандай иш-чараларды алып барды, кылмыш
иши менен кимиси таанышып, көзөмөлгө койду деген талдоолор да бар.
Ошондуктан, бети ачылбаган кылмыштар боюнча 1-чейректин жыйынтыгы менен карап, иш алып барбаган жетекчилерге тартиптик чараларды колдонобуз. Коомчулукка терс кесепетин тийгизип, жарандардын жашоо-тиричилигине орчундуу чыгымдарды пайда кылган алдамчылык кылмыштары болуп эсептелет. Аны жакшы билесиздер. Ар түрдүү амалдар менен жасалган алдамчылыктардын айынан миңдеген адамдардар жабыркап, залакасын тартып жатышат. Талдоо боюнча карап көргөндө, азыркы учурда эки түрдүү алдамчылыктар оруналууда.
Биринчиси: Акчаңды көбөйтөм, арзан баада жер тилкесин алып берем, кыска
мөөнөттө турак-жай аласың деп элдин акчасын алдап алган кооперативдер,
каржы пирамидалары жана жеке тараптар болуп эсептелет.
Экинчиси: Жарандарды атайылап кызыктырып, үстөк акысы жогору насыяларды
берип, бирок эки эселеп өндүрүп алып, жашоо-шарты начар жарандарды
карызга батырган “Сомо”, “Акчамат” сыяктуу жеке ишканалар элдин
нааразычылыгын жаратууда.
Андыктан, бул багытта ыкчам иликтөө иш-чараларын күчөтүп натыйжалуу иш
алып барууну тапшырам. Ушуга окшогон фактылар бардык аймактарда катталып жатат. Кылмыштуулукту, анын ичинде алдамчылыктарды алдын алуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, жарандардын арыз-билдирүүлөрүн калыс тергеп, юридикалык кеңештерди берип, укуктук нормаларды тура жеткирүү иштери жүргүзүлсүн”,-деди сөзүнүн аягында Улан Ниязбеков.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
17.05.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖАҢЫЛАНГАН “КУРМАНБЕК” СТАДИОНУ АЧЫЛДЫ
-
17.05.2024 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ
-
17.05.2024 / Автор anarkan_kg ЧЕК АРАНЫ МЫЙЗАМСЫЗ БУЗУП ӨТКӨН КОӉШУ ӨЛКӨНҮН ЖАРАНЫ КАРМАЛДЫ
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg АДАМ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТҮҮ АДАМ КАРМАЛДЫ
-
07.06.2023 / Автор anarkan_kg ШААРДАГЫ ПУШКИН КӨЧӨСҮНДӨ РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО ИШИ ЖҮРҮҮДӨ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.