Аймак

«МУГАЛИМДИН СТАТУСУ ЖӨНҮНДӨГҮ” МЫЙЗАМ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА КОЛДООГО АЛЫНДЫ

«МУГАЛИМДИН СТАТУСУ ЖӨНҮНДӨГҮ” МЫЙЗАМ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА КОЛДООГО АЛЫНДЫ

 7,839 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясында мугалимдерге коммуналдык чыгымдары үчүн ар бир мугалимге 500 (беш жүз) сомдон акча каражаты бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы М.Мамасыдыков билдирди.

М.Мамасыдыковдунайтымында Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоков жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Н.Орозбаев менен КРдин “Мугалимдин статусу жөнүндөгү” мыйзамын жана мугалимдерди коомдогу кадыр баркын көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

2021-2023-жылдар аралыгына Жалал-Абад шаардык мэрия, шаардык билим берүү бөлүмү, кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитети ортосунда “ Билим берүү кызматкерлеринин социалдык – экономикалык, укуктук кызыкчылыктарын коргоо жана тармакты өнүктүрүү” максатында үч тараптуу макулдашууга кол коюшкан. Быйылкы жылдын 6-мартында депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясында депутаттар тарабынан  мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүү боюнча маселе каралып, ар бир мугалимге 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилди.

“Учурдан пайдаланып Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Абдижалиловичке, Жалал-Абад шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаевичке жана Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Өмүрзаковичке жалпы Жалал-Абад шаарынын билим берүү тармагында эмгектенип жаткан профсоюз мүчөлөрүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем”,-дейт Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы М.Мамасыдыков.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпы 1500гө жакын педагог эмгектенет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17