Аймак

ОШ ШААРЫНДА АТАЙЫН БОРБОР ИШКЕРЛЕРДИ ГАНА ТЕЙЛЕМЕКЧИ

ОШ ШААРЫНДА АТАЙЫН БОРБОР ИШКЕРЛЕРДИ ГАНА ТЕЙЛЕМЕКЧИ

 759 Бардыгы /

          Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Ош шаарынын жана дагы Ош облусунун ишкерлерин гана тейлей турган атайын борбор ишке киришти. Бул мекеме салык төлөөчүлөрдү колдоо максатында гана уюшулду.

  • Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлери мындан ары

мамлекетттик кызматтардын жана башка тейлөөнүн түрлөрүн бир гана жерден алганга моминтип өбөлгө түзүлдү, – деди Кыргыз Республикиасынын мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов. – Ошентип, лицензиялар жана уруксат берүүчү документтер бүт ушул жерде гана жасалат. Мунун өзү бизнес климаттын аймакта бара-бара жакшырына жана жергиликтүү экономиканын туруктуу өнүгүшүнө гана шарт жаратып олтурат.

          Кыскасы, Ош шаарынын жана дагы Ош облусунун ишкерлерин гана тейлей турган атайын борбордо ишкерлерге мындан тышкары Банк кызматтары, юридикалык кеп-кеңештер, «Бирдиктүү терезе» өңдөнгөн ыкчам жана сапаттуу кызматтар дагы үзгүлтүксүз көрсөтүлүп турмакчы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17