Аймак

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБге АВТОУНАА ТАПШЫРДЫ

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБге АВТОУНАА ТАПШЫРДЫ

 984 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданында милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-Май “Улуу Жеңиш” күнүнө карата көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өтүп жатат.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, кечээ, 3-майда улуттук көк бөрү оюнунун ачылыш аземинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев УКМКнын өздүк курамынын атынан Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитовго 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Тойота Королла” үлгүсүндөгү автоунаа тапшырды. Камчыбек Ташиев милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев кыргыз мамлекетинин, кыргыз милициясынын тарыхында өз орду бар инсан экендигин белгиледи.

Айта кетсек, Молдомуса Конгантиев көзү тирүү кезинде улуттук көк бөрү федерациясын жетектеген. Азыркы учурда улуттук көк бөрү оюну өтүп жаткан “Телтору” ат майданында коомдук тартипти милиция көзөмөлгө алып жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17