Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,111 Бардыгы / Интеллигенция – Улуттун мээси. А карапайым калк – денеси. Мээ жакшы иштебесе, анда дененин эле шору катат. Салижан ЖИГИТОВ, сынчы жана ойчул Соңку кезде ала кушту атынан атаганды таптакыр эле унуттук. Мунун кесепетинен жакшы тилек- жарым ырыстан дагы кур калдык. “Колдо бар алтындын – баркы жок!” тейине бекем ыктадык. Ош […]
1,112 Бардыгы / Интеллигенция – Улуттун мээси. А карапайым калк – денеси. Мээ жакшы иштебесе, анда дененин эле шору катат. Салижан ЖИГИТОВ, сынчы жана ойчул Соңку кезде ала кушту атынан атаганды таптакыр эле унуттук. Мунун кесепетинен жакшы тилек- жарым ырыстан дагы кур калдык. “Колдо бар алтындын – баркы жок!” тейине бекем ыктадык. Ош […]
УШУНДАЙ ЖЕТЕКЧИ БАР АРАБЫЗДА…
05.05.2023 / Автор anarkan_kg

1,113 Бардыгы /
Интеллигенция – Улуттун мээси. А карапайым калк – денеси. Мээ жакшы иштебесе, анда дененин эле шору катат.
Салижан ЖИГИТОВ, сынчы жана ойчул
Соңку кезде ала кушту атынан атаганды таптакыр эле унуттук. Мунун кесепетинен жакшы тилек- жарым ырыстан дагы кур калдык. “Колдо бар алтындын – баркы жок!” тейине бекем ыктадык. Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кочкор Айыл Өкмөтүн чекесинен кыдырып жүрүп, мен дал ушундай жыйынтыкка биротоло кошулдум.
Шекен ТАНАЕВ, эмгек ардагери, Кара-Кулжа райондук ардагерлер Кеңешинин мүчөсү, Кара-Кочкор Айыл Өкмөтүнө караштуу Кара-Кочкор айылынын тургуну: – Кара-Кочкор Айыл Өкмөтүнүн башчысы Ысак ТЕМИРБАЕВКазак эл акыны Мухтар Шахановдун “Күн сайын жок дегенде бир Адамга жакшылык кылуу керек!” деген принцибин ураан сыңары бекем карманат. Көрдүңөр го, дайыма анын кеңсесинен киши таптакыр үзүлбөйт. Ыйлаганды дароо сооротуп, кыйналганга токтоосуз каралашып, баарынын тең көңүлүн таап турат. Мен ушул убакка дейре Ысактын оозунан “Жок!” деген сөздү эч уга элекмин…
Сабира НУРДИНОВА, эмгек ардагери, Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор Айыл Өкмөтүнө караштуу Сары-Булак айылынын тургуну: – Жаны кашайып турса дагы Ысак аялзатына сылык-сыпаа жана сый-урмат менен мамиле жасагандан дегеле тайый элек. Көп балалуу жана дагы жетим-жесир үй-бүлөлөрдөн такай кабар алып, алардын кем-карчын бүтөгөнгө өзү жеке кийлигишет. Анан дагы бош убактысын туура пайдаланып, абдан эле көп окуйт. Улуу акын Борис Пастернактын “Бул кайгыны менден алыс алып өт!” дегенин уламдан улам кайталагандан тажабайт. Чынын айтайынбы? Бул учкул сөздүн чыныгы маанисин эмдигиче эч кимибиз Ысакчалык түшүнө элекпиз!?!
Токтогул ажы АЖИМАМАТОВ. Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор Айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылынын тургуну: – Байкагандырсыздар, Ысак өтөкичи пейил. Ошол себептүү улуу-кичүүгө бипбирдей жана тегиз мамиле кылат. Бой көтөргөнүн эч көрбөдүм. Ишинин дагы дайыма жүрүшкөнү, менимче, дал ошондон. Андыктан, бул жердешибизди бир районго аким, же облуска губарнатор кылса деле жарашат. Камчы салдырбастан гана иштемек. Себеби, иштин көзүн билет. Баарын тең жөндөп кетээрине мен терең ишенем!
Биз Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кочкор Айыл Өкмөтүнүн башчысы Ысак ТЕМИРБАЕВди жергиликтүү калк менен жолугушуп жүргөн жеринен кармадык.
- Калкыбыздын катары улам калыңдап баратпайбы. Ага жараша
үйлөнөгөндөр деле көбөйдү. Бирок, турак жай салганга жер тартыш! – деп тызылдады Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кочкор Айыл Өкмөтүнүн башчысы Ысак ТЕМИРБАЕВ. – Кыргыз Өкмөтүн ынандарып жатып акыры 70 гектар аянтты трансформациялаттык. Бул аянтты эми жер тилкесине кезекте тургандарга гана чекесинен бөлүштүрөбүз. Жаңы конуш Кара-Кочкор айылынын – 710, Ак-Кыя айылынын – 451, Сары-Булак кыштагынын – 331 тургунуна гана ыроолонот. Ошентип, мындай жараян мыдан ары дагы ырааттуу түрдө улантылат. Буюрса, пенсия, пособие көтөрүлдү. Мугалимдердин, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин маянасы дагы жогорулады. Көз тийбесин! Мамлекетибиз дагы акыры өнүгүү нугуна түшүп олтурат.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Ысак ТЕМИРБАЕВ Өзбекстандын Ташкен шаарындагы Текстиль институтун ийгиликтүү аяктаган. Кесиби – инженер-механик. Дээрлик 23 жыл бою Оштогу Жибек комбинатында абийирдүү эмгектенген. 2009-жылдан тартып Кара-Кулжа районунан караштуу Кара-Кочкор Айыл Өкмөтүндө гана иштеп келатат. Аймактын 9126 калкы бар. Булар бүт – жалаң кыргыздар.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ТӨРӨТ ҮЙҮ УБАКТЫЛУУ 1 АЙГА ЖАБЫЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
04.10.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна АРХИВ – БУЛ АДАМЗАТ ТАРЫХЫ
-
15.10.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ КИНОЛОГДОРУ ОШТО МАШЫГЫШТЫ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.