Аймак

ОШТО 200гө ЧУКУЛ БАЙКЕР АТАЙЫН ЖҮРҮШ ЖАСАП, МОТОСЕЗОН АЧЫЛДЫ

ОШТО 200гө ЧУКУЛ БАЙКЕР АТАЙЫН ЖҮРҮШ ЖАСАП, МОТОСЕЗОН АЧЫЛДЫ

 1,182 Бардыгы /

ОШ. Ош шаарында Борбор Азия, мунун ичинде Кыргызстандык мото сүйүүчүлөрдүн “Көчмөн жолу” аталышындагы мотосезондун ачылышына карата жүрүш жасалды. Бул салтанатка Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын мотоклубдарынын 200гө жакын байкерлери катышышып, өздөрүнүн мото башкаруу ыкмаларын күйөрмандарга ачык көрсөтүп дагы беришти.

          Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров өлкөбүздө мото-туризмдин өнүгүп жаткандыгын баса белгилеп, катышуучуларга шаар бийлиги атынан ийгиликтерди гана тиледи. Мото жүрүш калаанын борбордук аянтынан башталып, Ленин, Навои жана Курманжан датка көчөсү аркылуу өтүп, ыйык Сулайман-Тоонун этегинде гана жыйынтыкталды.

          Баса, жыл сайын өтүп келген мындай мото жүрүштүн эң максаты жол коопсуздугун камсыздоону жана бул спорттун түрүн жайылтууну гана көздөйт. Ал эми белгилей кетчү жагдай: аталган иш-чара Ош шаардык мэриясынын түздөн-түз колдоосу аркасында “Кыргызстан мотоциклисттери” коомдук бирикмеси, “Биргелешкен мотоциклисттер” тобу жана “Байкерлер KG” сыяктуу уюмдары тарабынан уюштурулду.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17