Аймак

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА ӨЗГӨН РАЙОНУНДА ТӨРТ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛАТ

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА ӨЗГӨН РАЙОНУНДА ТӨРТ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛАТ

 735 Бардыгы /

          ОШ.  2023-2024-жаңы окуу жылында Өзгөн районунда төрт мектептин курулушу бүткөрүлүп, андан ары пайдаланууга тапшырылат. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов шардана кылды.

          Ушул тапта курулушу абдан кызуу жүрүп жаткан Өзгөн районунун Токтогул айылындагы Д. Шопоков, Алга айылындагы К.Ботобеков, Үч-Капчал айылындагы Оморкулов, Салам-Алик айылынын Примкулов атындагы мектептердин курулушу дээрлик бүткөрүлөт. Ошондуктан, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте облус башчысынын тапшырмасына ылайык аталган мекептердин курулуштары менен кенен-чонон таанышты. Ал жүрүп жаткан иштердин сапатына өзгөчө басым жасап, курулушту өз мөөнөтүндө гана бүтүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

          Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн биринчи орун басары Уристем Манаповдун баамында, жаңы мектептер облустун билим берүү инфратүзүмү үчүн дагы абдан чоң мааниге ээ. Мектептердин курулушунун өз убагында аяктоосу аймакта сапаттуу билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана билим берүү сапатын өнүктүрүүгө гана салым кошмокчу.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17