Аймак

АЛ ЭМИ ЛЕЙЛЕКТЕ ДАГЫ «АК-САРАЙ» ЧЕК АРА ЗАСТАВАСЫ АЧЫЛДЫ

АЛ ЭМИ ЛЕЙЛЕКТЕ ДАГЫ «АК-САРАЙ» ЧЕК АРА ЗАСТАВАСЫ АЧЫЛДЫ

 714 Бардыгы /

          БАТКЕН.  Баткен облусунун Лейлек районунда дагы «Ак-Сарай» чек ара заставасы ачылды. Аталган иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзү катышты.

          УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз чек арачыларын кесиптик майрамы менен чын ыкластан куттуктап, аскер кызматкерлери үчүн мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу багытында жасалып жаткан негизги жумуштар тууралуу учкай баян этти. Чек араны көздүн карегиндей коргоодо коюлган талаптарды кынтыксыз аткаруу зарылдыгын, муну үчүн заманбап жана зарыл шарттарды түзүп берүү жагы мамлекет тарабынан мындан ары дагы ырааттуу түрдө улантылаарын катуу убадалады.

          Ошентип, жаңыдан курулган заставада чек арачылар үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Аскер кызматкерлерине жатакана, спорттук аянтча, балдар үчүн ойноо аянтчасы, мончо, унаа токтоочу жай жана башка күнүмдүк жашоо шарты үчүн жана эң негизгиси мамлекеттик чек араны татыктуу коргоо үчүн зарыл болгон бардык жагдайлар толугу менен камсыз этилген.

          УКМКдан кошумчалашкандай, Лейлек районундагы «Ак-Сарай» заставасынын курулушу 2011-жылы башталып, бирок, ушул убакытка чейин бүтпөй келген эле. Өткөн жылы курулуш иштери жанданып, имарат кыска аралыкта чек арачыларга пайдаланууга тапшырылды.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17