Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
760 Бардыгы / Бишкек шаардык соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттыктын” сайтын бөгөттөгөн чечимине каршы радионун адвокаттарынын арызын карап, аны канааттандырган жок. Арызды 30-майда Болотбек Сатыбалдиев төрагалык кылган шаардык соттун коллегиясы карады. Анда “Азаттыктын” адвокаттары Маданият министрлигинин 2022-жылдын 26-октябрдагы радионун сайтын бөгөттөө боюнча чечими мыйзамсыз экенин белгилеп, Бишкектин Административдик сотунун буга чейинки чечимин […]
761 Бардыгы / Бишкек шаардык соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттыктын” сайтын бөгөттөгөн чечимине каршы радионун адвокаттарынын арызын карап, аны канааттандырган жок. Арызды 30-майда Болотбек Сатыбалдиев төрагалык кылган шаардык соттун коллегиясы карады. Анда “Азаттыктын” адвокаттары Маданият министрлигинин 2022-жылдын 26-октябрдагы радионун сайтын бөгөттөө боюнча чечими мыйзамсыз экенин белгилеп, Бишкектин Административдик сотунун буга чейинки чечимин […]
ШААРДЫК СОТ “АЗАТТЫКТЫН” САЙТЫ БОЮНЧА ЧЕЧИМДИ ӨЗГӨРТҮҮСҮЗ КАЛТЫРДЫ
31.05.2023 / Автор anarkan_kg

762 Бардыгы /
Бишкек шаардык соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттыктын” сайтын бөгөттөгөн чечимине каршы радионун адвокаттарынын арызын карап, аны канааттандырган жок.
Арызды 30-майда Болотбек Сатыбалдиев төрагалык кылган шаардык соттун коллегиясы карады. Анда “Азаттыктын” адвокаттары Маданият министрлигинин 2022-жылдын 26-октябрдагы радионун сайтын бөгөттөө боюнча чечими мыйзамсыз экенин белгилеп, Бишкектин Административдик сотунун буга чейинки чечимин четке кагуу өтүнүчү менен кайрылган.
Соттук жараянда “Азаттыктын” адвокаты Акмат Алагушев Маданият министрлигинин медиа мекеменин сайтын бөгөттөө чечими одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун, жагдайды ишти буга чейин караган Административдик сот эске албаганын билдирди. Адвокаттын айтымында, министрлик таянып жаткан “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын да бир нече нормалары бузулган.
Министрликтин өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу жөнүндө материал өчүрүлбөгөндүктөн, сайтты бөгөттөө улантылып жатканын айтты.
Жыйынтыгында шаардык соттун коллегиясы “Азаттыктын” сайтын бөгөттөө боюнча Маданият министрлигинин чечимин мыйзамдуу деп таап, Бишкек административдик сотунун 7-марттагы чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
“Азаттыктын” адвокаттары Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы жогорку инстанцияларга кайрылат.
Маданият министрлиги былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган. Мындан соң “Азаттыктын” банктагы эсеби бөгөттөлсө, кийин Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Бул арызды быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канаттандырган. “Азаттыктын” адвокаттары бул иш боюнча Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазган.
“Азаттык Медиа” Маданият министрлигинин дооматы негизсиз экенин, сөз болуп жаткан журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экенин белгилеп келет.
“Азаттык” туш болгон соңку басымды АКШ, Британия, Евробиримдик баш болгон бир нече өлкөнүн элчиликтери жана бир катар эл аралык, жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, бийликтин аракетине чочулоосун билдирген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
11.06.2024 / Автор anarkan_kg ШААРДА ЖОГОРКУ ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЖҮРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg НООКАТТА СЕЛ КАПТАГАН ЖОЛДОР ТАЗАЛАНДЫ
-
01.07.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ НООКАТТАГЫ СЕЛДИН СЕБЕПТЕРИН АТАДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.