Аймак

БАТКЕНДЕ 1 МИҢ ГЕКТАР ЖЕРДИ СУГАТ СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУЧУ КАНАЛДЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

БАТКЕНДЕ 1 МИҢ ГЕКТАР ЖЕРДИ СУГАТ СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУЧУ КАНАЛДЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

 1,083 Бардыгы /

          БАТКЕН. Баткен жергесинде 1 миң гектар жерге суу жеткире турган Кара-Кол каналынын курулушу башталды. Бул иштин жүрүшүнөн президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдыкарим Алимбаев өзү курулушунан кабар алды.

          Ушул тапта узундугу 14 чакырымга созулган каналды куруу, андан ары мурунку арыктарды калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Бул ири долбоор үчүн республикалык бюджеттен 27 миллион сом каралса, ал эми Агахан эл аралык уюумунан 26 миллион сом грант берилди. Ирригациялык обьекттин курулушу менен 1000 гектар жер сугат суу менен камсыз болуп, жакынкы айылдарга дагы кошумча суу берүү жараяны ого бетер жакшыртылат.

          Азыркы учурда тоо арасындагы капчыгайдын ичиндеги Сары-Таш жана Даңги участкасында темир суу түтүктөрүн сваркалоо жана монтаждоо иштери жүрүп жатса, ал эми Ак-Терек участкасында каналды бетондоо жана даярдоо иштери жасалууда. Тийиштүү адистер баса белгилешкендей, Советтер Союзунун тушунда бул долбоорду жүзөгө ашыруу аракеттери абдан катуу жасалган. Бирок. курулуштун татаалдыгынан толук ишке ашпай, канал пайдаланылбай калган эле.

          Баткен облусунун башчысы Абдыкарим Алимбаев курулуштан жума сайын кабар алып, өз мөөнөтүнө бүтүрүү үчүн бардык аракеттер көрүлөөрүн, зарыл болсо ашар ыкмасы менен болсо дагы жумушчу күч маселеси чечилээрин баса белгиледи. Айтмакчы. аталган каналдын курулушун 2023-жылдын ноябрь айына бүтүрүү пландаштырылган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17