Аймак

БАТКЕНДЕ ЖАШТАР ЧӨП ЧАБУУЧУ ТРАКТОРДУ ИШКЕ КИРГИЗИШТИ

БАТКЕНДЕ ЖАШТАР ЧӨП ЧАБУУЧУ ТРАКТОРДУ ИШКЕ КИРГИЗИШТИ

 1,032 Бардыгы /

          БАТКЕН. Баткенде жаштар чөп чабуучу тракторду иштеп чыгышты. Бул туурасында Дастанбек Абдрахманов соцтармактагы баракчасында ачыктады.

          Ойлоп табуучу Дастанбек Абдрахмановдун айтымында, Баткенде жаштар тракторду өздөрү гана топтоп жатышат. Алардын болочокто завод ачуу боюнча пландары дагы бар жана аны жүзөгө ашырууда бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурап жатышат.

          – Тилекке каршы, атайын завод ачуу үчүн жетиштүү чоң каражатыбыз жок! Биз өзүбүз – Баткендик жаштарбыз. Баткен облусуна бөлүнгөн 500 миллион сом боюнча Кыргыз Өкмөтүнө  конкреттүү сунуштарыбыз бар. Бүгүн Баткен облусунун жетекчиси Абдыкарим Алимбаев биздин долбоор менен таанышып чыгып, абдан чоң кызыгуу жаратып, «Колдон келген жардамымды айбаймын! Мамлекеттик норма боюнча өзүнчө бизнес-долбоор алып келгиле!» деп абдан жылуу кабыл кылды, — деп кошумчалады баткендик ойлоп табуучу Дастанбек Абдрахманов

          Баса, айыл чарбасында эё көп керектелген чөп  чабуучу тракторлор Кыргызстанда качан жер-жерлерде ишке киргизилет? Муну мезгил гана көрөсөтөт…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17