Аймак

МАЙЛУУ-СУУ ШИИБде “БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ” АЧЫЛДЫ

МАЙЛУУ-СУУ ШИИБде “БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ” АЧЫЛДЫ

 906 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүндө “Бирдиктүү терезе” режиминде Кыргыз Республикасынын ИИМдин мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү борбору ишке киргизилип, жергиликтүү тургундар үчүн кызмат кыла баштады.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бирдиктүү терезенин ачылышында  Майлуу-Суу ШИИБдин башчысы Талантбек Сабырканов кызмат көрсөтүүчү борбордун ишмердүүлүгү жана анын алкагында кандай иш-чаралар жүргүзүлгөндүгү менен тааныштырып өттү.

Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Руслан Кыштобаев, Жалал-Абад ОИИБдин Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн (МТБ) башчысы Нурбек Алимбаев, Жалал-Абад ОИИБдин МТБнын “Бирдиктүү терезе” шартында тейлөө бөлүмчөсүнүн башчысы Жеӊишбек Тунгатаров, Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы Нурказы Бостонов жана Майлуу-Суу ШИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Заирбек Масировдор катышышты.

“Бирдиктүү терезе” режиминде мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү борборунан жергиликтүү тургундар соттуулугу тууралуу маалымат, ок атуучу курал-жарактарга ураксат кагаздарын ала алышат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17