Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
502 Бардыгы / БИШКЕК. 2023-жылдагы туристтик сезондо коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан укуктук тартипти жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыкты.ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, май айында Ички иштер министрлиги тарабынан «2023-жылдын жайкы туристтик мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жол […]
503 Бардыгы / БИШКЕК. 2023-жылдагы туристтик сезондо коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан укуктук тартипти жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыкты.ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, май айында Ички иштер министрлиги тарабынан «2023-жылдын жайкы туристтик мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жол […]
2023-ЖЫЛДАГЫ ТУРИСТТИК СЕЗОНДО МИЛИЦИЯ КООМДУК ТАРТИПТИ ЖАНА КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗДАЙТ
12.06.2023 / Автор anarkan_kg504 Бардыгы /
БИШКЕК. 2023-жылдагы туристтик сезондо коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан укуктук тартипти жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыкты.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, май айында Ички иштер министрлиги тарабынан «2023-жылдын жайкы туристтик мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө» буйругу чыгарылган. Бул буйрукка байланыштуу, туристтик активдүүлүктүн жайкы сезонунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тартылган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн күчтөрүнө жана каражаттарына эсептөөлөр жүргүзүлдү. Ошондой эле уюштуруу чечимдерин, ыкчам-алдын алуу иш-чараларды, жолкыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды жана башка комплекстүү иш-чаралар камтылган иш планы бекитилди. Милиция туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында мамлекеттик уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иш алып бармакчы. Коомдук тартипти камсыздоого тартылган милиция кызматкерлеринин саны ыкчам кырдаалдын өзгөрүшүнө жана туристтердин келишине жараша көбөйүшү мүмкүн. Милициянын ишине көмөк көрсөтүү максатында коомдук бирикмелер – 1000ге жакын ыктыярдуу элдик кошуундар тартылат.
Ысык-Көл районунда Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имаратында жайкы туристтик сезон мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана берилген күчтөрдү жана каражаттарды координациялоо жана бөлүштүрүү
боюнча убактылуу штаб түзүлүп, туруктуу иштөөчү тергөө-ыкчам топтору түзүлгөн. Укук тартипти сактоого ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун милиционерлери тартылат. Ысык-Көл облусунун аймагында эс алуу үйлөрүн, туристтик базаларды, балдардын эс алуу борборлорун кошкондо 700 жакын курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелер иштейт.
Коомдук тартипти жана коопсуздукту талаптагыдай камсыз кылуу максатында комплекстүү ыкчам-алдын алуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Туристтик сезондун алдында милиция кызматкерлери мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте туристтик маршруттарды, курорттук ден-соолукту чыңдоочу мекемелерди текшеришип, аларда видеобайкоо жүргүзүүгө жана аймакты жарыктандырууга техникалык жактан бекемделишине, түнкү убакта курорттук зонанын калктуу конуштарын жарыктандырууга, мамлекеттик маанидеги унаа жолдордогу маалыматтык тутумдарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Анализди эске алуу менен кайгуул посттордун жана каттамдардын жайгашуусу аныкталып, ыкчам жана алдын алуу иш-чаралары пландаштырылган. Туристтик сезондо Бишкек, Чолпон-Ата, Ош шаарларында туристтик милиция
иштейт, алар коопсуздукту камсыз кылуу, пайда болгон маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү, туристтерге кеңеш берүү жана маалымат берүү менен алектенет. Ошондой эле Боом капчыгайында жана Бишкек – Ош автожолунда Төө-Ашуу ашуусунда күнү-түнү посттор уюштурулуп, тез жардам кызматы жана ӨКМдин куткаруучулары кызмат өтөшүп, зарыл болгон учурда тез арада чыгып,
медициналык жардам көрсөтүшөт.
«Кордай-Бишкек», «Манас-Бишкек» аэропорту, «Бишкек ш. – Түндүк айланма жол», «Бишкек – Балыкчы – Каракол» (Түндүк жана Түштүк) унаажолдору боюнча ИИМдин ЖКККББнын көчмө постторунун туруктуу жайгашкан жерлери аныкталып, ЖККББнын кызматкерлери унааларынын сыртында ишеним телефондору көрсөтүлгөн кайгуул унааларында кызмат өтөшөт.
Учурда ыкчам-алдын алуу иш-чаралардын комплекси ишке ашырылып, курорттук зоналарда коомдук тартипти сактоо чаралары менен жол кырсыктарын болтурбоо иштери күчөтүлгөн. Алдын алуу жана көзөмөл иш-чаралары туристтик сезондун аягына чейин туруктуу негизде жүргүзүлөт. Ички иштер органдарынын өздүк курамына мыйзамды жана кызматтык тартипти
так сактоо боюнча тапшырмалар берилди.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
25.09.2023 / Автор anarkan_kg “МУРАС-ЮНАЙТЕД” ФУТБОЛДУК КЛУБУНУН ОЮНЧУЛАРЫ ТОСУП АЛЫНДЫ
-
-
09.10.2023 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНЫН 43,32 ЧАКЫРЫМЫ МАКУЛДАШЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.