Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
1,105 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргызстандагы жүз жыйырма ишкана сатууларын ого бетер көбөйтүп, бул аркылуу жаңы рынокторго дагы чыгышып, 28 миңден ашуун жаңы жумуш оруну түзүлдү. Мындай көрсөткүчтөргө жетүү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) «Конкуренттүү ишкана» долбоору аркылуу жүзөгө ашырылган. Демек, бул ийгилик АКШнын түздөн-түз колдоосу аркасында гана жаралып олтурат. Акыркы беш жылдын аралыгында аталган […]
1,106 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргызстандагы жүз жыйырма ишкана сатууларын ого бетер көбөйтүп, бул аркылуу жаңы рынокторго дагы чыгышып, 28 миңден ашуун жаңы жумуш оруну түзүлдү. Мындай көрсөткүчтөргө жетүү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) «Конкуренттүү ишкана» долбоору аркылуу жүзөгө ашырылган. Демек, бул ийгилик АКШнын түздөн-түз колдоосу аркасында гана жаралып олтурат. Акыркы беш жылдын аралыгында аталган […]
USAIDдин “КОНКУРЕНТТҮҮ ИШКАНА” ДОЛБООРУНУН КОЛДООСУ АРКАСЫНДА КЫРГЫЗСТАНДА 28 000 ЖАҢЫ ЖУМУШ ОРДУ ТҮЗҮЛДҮ
22.06.2023 / Автор anarkan_kg

1,107 Бардыгы /
БИШКЕК. Кыргызстандагы жүз жыйырма ишкана сатууларын ого бетер көбөйтүп, бул аркылуу жаңы рынокторго дагы чыгышып, 28 миңден ашуун жаңы жумуш оруну түзүлдү. Мындай көрсөткүчтөргө жетүү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) «Конкуренттүү ишкана» долбоору аркылуу жүзөгө ашырылган. Демек, бул ийгилик АКШнын түздөн-түз колдоосу аркасында гана жаралып олтурат. Акыркы беш жылдын аралыгында аталган долбоордун алкагында айыл чарба, тигүү өнөр жайы, маалымат технологиялары, билим берүү, тамак-аш кайра иштетүү жана башка тармактарда инклюзивдик жана дагы рыноктук сатууларды көбөйтүү максатында чакан жана орто ишканаларга туруктуу колдоо көрсөтүлүп келди.
Соңку сааттарда USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун абдан ийгиликтүү соңуна чыгуусун белгилөө максатында расмий иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чарага Кыргыз Респуюбликасынын Экономика жана соода министринин орун басары Айнура Үсөнбекова, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Стивен Райдер, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы Миссиясынын директорунун милдетин аткаруучу М. Эндрю Мэйбрук, ACDI/VOCAнын президенти жана башкы директору Силвия Мегрет айым өңдөнгөн ардактуу коноктор катышышты.
- Америка Кошмо Штаттары заманбап жабдууларды берүү,
ошондой эле каржы булактарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана эл аралык сертификаттарды алууда жардам көрсөтүү аркылуу прогрессивдүү ишкерлерге көрсөткөн колдоосу менен дайыма сыймыктанат. Беш жыл аралыгында биздин түздөн-түз колдообуз менен ишканаларда 9 миң туруктуу жумуш орду түзүлүп, буга улай 28 миңден ашуун жаран иш менен камсыз этилди. Бул акыркы эки жылдын ичинде Кыргыз Республикасында түзүлгөн бардык жумуш орундарынын 11 пайызын түзүп олтурат, – деп кошумчалады АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Стивен Райдер өз сөзүндө.
Баса, аталган долбоордун жыйынтыктоочу иш-чарасынын алкагында ЭКСПО көргөзмөсү дагы уюштурулуп, анда долбоордун 40тан ашуун өнөктөшү өз продукцияларын тартуулашты. Булардын катарында “Аква Сервис” (форель жана орус осетр балыгын өстүрүү), “Кыргыз Кашемир” (кашмир өндүрүү), Socks Master (креативдүү Lucky Socks байпатарын өндүрүү) өңдөнгөн компаниялар Кыргызстандын экономикалык жактан ыкчам өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, өзгөчө аялдар менен жаштар гана туруктуу жумуш менен камсыз этилишти. Мындан тышкары АКШнын колдоосу аркасында өз өндүрүшүн ишке киргизген тогуз кризистик борбор дагы ЭКСПО көргөзмөсүндө өз продукциясын тартуулады. Коомубузда өтө оор кырдаалга кабылган аялдардын таланттарын өнүктүрүүгө жардам берип келишкен аталган борборлор жыйынтыктоочу иш-чарада көз жоосун алган буюм-тейимдерин тартуулашты.
АКШ тарабынан колдоого алынган ата мекендик ишканалар мода көргөзмөсүндө дагы заманбап кийим-кечлердин түрдүү коллекцияларын тартуулашты. Маселен, “Подиум” компаниясы “Ак жүрөк” жана “Аруулан” кризистик борборлорунун техникалык колдоосу аркасында Кыргыз маданиятынын байлыгын чагылдырган коллекцияларын көрсөтүштү. Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун алыскы Теңги айылынан келген ишкер айым Пардакан Томуева дагы өзгөчө дизайн жана саймалар менен жасалганган аялдардын улуттук кийимдеринин чоң коллекциясын өзүнчө тартуулады. Ал эми MENIKI бренди менен таанымал “Текстиль Транс” компаниясы, өлкөбүздөгү текстиль жана тигүү өнөр жайынын өнүгүүсуң айгинелеген, Кыргызстанда өндүрүлгөн алгачкы джинсы коллекциясын кардарларына сунуш этти.
Айтмакчы, USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасы Кыргыз ишканаларынын жетишкендиктерин жана алардын өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон салмактуу салымын дагы ачык-айкын жарнамалады.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
12.03.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС “ТАЗАЛЫК” МЕКЕМЕСИНЕ ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ
-
12.03.2026 / Автор anarkan_kg КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛЫНДА ЗАМАНБАП ООРУКАНАНЫН КУРУЛУШ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
-
17.03.2025 / Автор anarkan_kg ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА “КОШУМЧА ЖАБДЫК” РЕЙДИ ЖҮРҮҮДӨ
-
25.03.2025 / Автор anarkan_kg КЫЗЫЛ СЫЗЫКТАН ЧЫККАН КУРУЛУШТАР БУЗДУРУУЛУУДА
-
27.03.2025 / Автор anarkan_kg АЙТ КҮНДӨРҮ ЖОЛ КИРЕ АКЫЛАРЫН КӨТӨРҮҮГӨ ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.