Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА IT БОРБОР КУРУЛУП ЖАТАТ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА IT БОРБОР КУРУЛУП ЖАТАТ

 723 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарынын Жусуп Бакиев көчөсүндө 3 кабаттан турган заманбап  жаштардын инновациялык технологиялар борборунун (IT) курулушу жүрүп жатат.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

курулуш Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен, 64 млн. 500 миң  сомго курулууда. IT борборду  “Иверия” жоопкерчилиги чектелген коому куруп жатат. Анын курулушу ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан IT борбор Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору болуп калмакчы.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17