Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
946 Бардыгы / БИШКЕК. Бишкек шаарында АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча долбоордун аяктоо аземин өткөрдү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү жана башка жергиликтүү өнөктөштөр катышышты. Аталган долбоор тарыхый мунаранын бузулган кароол аянтчасынын кыштарын калыбына келтирүүнү, анын жер титирөөгө туруктуулугун сейсмикалык жактан баалоону, консервация тармагындагы […]
947 Бардыгы / БИШКЕК. Бишкек шаарында АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча долбоордун аяктоо аземин өткөрдү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү жана башка жергиликтүү өнөктөштөр катышышты. Аталган долбоор тарыхый мунаранын бузулган кароол аянтчасынын кыштарын калыбына келтирүүнү, анын жер титирөөгө туруктуулугун сейсмикалык жактан баалоону, консервация тармагындагы […]
АКШ ЭЛЧИЛИГИ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНӨКТӨШТӨР МЕНЕН БИРГЕ БУРАНА МУНАРАСЫН САКТОО ЖАНА КОРГОО БОЮНЧА ДОЛБООРДУ АЯКТОО АЛДЫНДА ТУРАТ
04.07.2023 / Автор anarkan_kg

948 Бардыгы /
БИШКЕК. Бишкек шаарында АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча долбоордун аяктоо аземин өткөрдү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү жана башка жергиликтүү өнөктөштөр катышышты.
Аталган долбоор тарыхый мунаранын бузулган кароол аянтчасынын кыштарын калыбына келтирүүнү, анын жер титирөөгө туруктуулугун сейсмикалык жактан баалоону, консервация тармагындагы кызматкерлердин дараметин жогорулатууну жана мунаранын тарыхын жана маданий маанисин коомчулукка жайылтууну камтыды. Жергиликтүү бейөкмөт уюм жана Музейдик демилгелер бейөкмөт борбору бул долбоорду АКШ элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фондунун каржылоосу аркасында жүзөгө ашырды.
Ошентип, атайын салтанатта АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери сүйлөгөн сөзүндө долбоор Америка Кошмо Штаттарынын кыргыз маданиятына жана тарыхына болгон терең урмат-сыйын жана кыргыз өкмөтү менен өнөктөштүккө умтулуусун көрсөткөндүгүн баса белгиледи. Иш-чарага Маданият министрлигинин өкүлдөрү, Музейдик демилгелер борборунун директору Чолпон Турдалиева жана долбоор боюнча кеңештерин берген Бүткүл дүйнөлүк эстеликтер фондусунун адиси Стивен Баттл дагы катышышты.
Бул долбоор 2021-жылдын сентябрында башталгандан тартып жергиликтүү жана эл аралык адистер мунаранын кароол аянтчасындагы бузулган кыштарды алмаштырууда жетектеп, мунаранын дубалдарына жааан-чачындын келтирген зыянын азайтышты. Маданият министрлигинин тыкыр көзөмөлү алдында өткөн тендердин жыйынтыгында «Аякс-Теломанит» компаниясы тарыхый жактан так келген реставрациялык кыштарды жасоо жана орнотуу үчүн иргелип алынган. Ошондой эле музей кызматкерлеринин дараметин жогорулатуу боюнча кеңири тренингдер жана калкка маалымат жеткирүү иштери өткөрүлдү. «Бурана күнү» жана «Бурана лагери» иш-чаралары аркылуу, Музейдик демилгелер борбору элчиликтин англис тили боюнча кичи стипендиалык программасынын жаш бүтүрүүчүлөрү менен кызматташып, Бурана мунарасынын маданий эстелик катары маанисин жайылтуу жана ага көбүрөөк конокторду тартуу үчүн ал жөнүндө эл арасында маалыматтуулукту жогорулатуу иштерин дагы кеошо жүргүздү. Мындан тышкары долбоор жергиликтүү адис тарабынан жүргүзүлгөн мунаранын сейсмикалык туруктуулугун баалоосун жана музейдин аймагы боюнча жаңы видео камераларынын коопсуздук максатында орнотулуусун дагы кошо каржылады.
АКШнын Мамлекеттик департаменти 2001-жылы адамзаттын жалпы маданий мурасын кадырлоо максатында АКШ элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фондусун түзгөн. Фонд аркылуу АКШнын Мамлекеттик департаменти жыл сайын дүйнө жүзү боюнча уникалдуу жана баалуу маданий мурастарды коргогон долбоорлорду түздөн-түз каржылайт. Фонд каржылаган Кыргыз Республикасындагы буга чейинки долбоорлор Өзгөн күмбөздөрүн сактоо, Кыргыз мамлекеттик тарых музейиндеги уникалдуу алтын коллекциясын калыбына келтирүү жана Жалал-Абад облусундагы 11-кылымдагы Шах-Фазил күмбөзүн сактоону ичине камтыйт.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.