Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
628 Бардыгы / ОШ. Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан өткөрүү жайлары штаттык режимде гана иштеп жатышкандыгын шарданы кылды. Жайкы мезгилде, тагыраагын айтканда, 2023-жылдын 10-июлунан баштап Кыргызстандагы, ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндөгү бирден бир чоң чек ара өтмөгү болуп саналган Ош облусундагы “Достук-автожол” […]
629 Бардыгы / ОШ. Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан өткөрүү жайлары штаттык режимде гана иштеп жатышкандыгын шарданы кылды. Жайкы мезгилде, тагыраагын айтканда, 2023-жылдын 10-июлунан баштап Кыргызстандагы, ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндөгү бирден бир чоң чек ара өтмөгү болуп саналган Ош облусундагы “Достук-автожол” […]
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА ТИЛКЕСИНДЕ ЖАЙГАШКАН ӨТКӨРҮҮ ЖАЙЛАРЫ ШТАТТЫК РЕЖИМДЕ ГАНА ИШТЕП ЖАТЫШАТ
03.08.2023 / Автор anarkan_kg630 Бардыгы /
ОШ. Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан өткөрүү жайлары штаттык режимде гана иштеп жатышкандыгын шарданы кылды.
Жайкы мезгилде, тагыраагын айтканда, 2023-жылдын 10-июлунан баштап Кыргызстандагы, ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндөгү бирден бир чоң чек ара өтмөгү болуп саналган Ош облусундагы “Достук-автожол” өткөрүү жайында жүргүнчүлөрдүн жана транспорт каражаттарынын агымы бара-бара көбөйгөндүгүн Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу мамлекеттик Чек ара кызматы баса белгилейт. Анткени, бир сутка аралыгында өткөрүү жайынан 18 000 – 22 000 чакты адам өтөт. 2023-жылдын алты ай аралыгында “Достук-автожол” КӨЖсы аркылуу мамлекеттик чек араны 2 800 000 адам, 68 000 бирдиктен ашуун транспорттук каражаты кесип өтүшкөн. Ал эми өткөрүү жайынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү тынымсыз чек ара көзөмөл жүргүзүүнү эсепке алганда сутка аралыгында 16 400 адамды гана өткөрүүгө ылайыкташтырылган.
Өткөн жарым жыл аралыгында өткөрүү жайынын аскер кызматчылары туура эмес документ көрсөткөн 595 жаранды аныкташкан. 2023-жылдын алты ай аралыгында гана Достук-автожол“ КӨЖсынын чек арачылары жалпы суммасы 51 652 000 сомду түзгөн аткезчилик жүктү дагы кармашты. Булардын арасында алтын-зергер буюмдар жана чет элдик валютадагы акча каражаттары дагы болгон.
“Достук-автожол” КӨЖсы аркылуу Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын кесип өтүүчү адамдардын жана транспорттук каражаттардын саны олуттуу өскөнү кезек күткөндөрдүн эсеби көбөйгөнгө, ошондой эле Ош облусунун базарларында дүңүнөн соода жүрө турчу күндөрү (шейшемби, ишемби) өткөрүү жайынын алдында жеңил автоунаалардын топтолушуна себепчи болууда. Мындан тышкары туристтик сезон убагы болгондуктан Кыргызстанга киришкен, ошондой эле Кыргызстандан Өзбекстанга чыгышкан туристтердин агымы дагы ого бетер жогорулады.
Айтмакчы, “Достук-автожол” өткөрүү жайында мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандар үчүн бардык ыңгайлуу жанга заманбап гана шарттар түзүлгөн. Барган сайын аларды мындан дагы да жакшыртуу боюнча иштер ырааттуу түрдө улантылууда.
Ушул тапта аталган өткөрүү жайында паспорттук көзөмөл жүргүзүүчү 33 кабина орнотулган. Булардын арасынан 23ү иштейт. “Достук-автожол” эл аралык КӨЖ күнү-түнү иштейт. КӨЖ кесип өткөн айрым жарандар тарабынан чагымчыл иш-аракеттер жасалып, чек ара режимин бузган фактылар катталгандыгын Кыргыз Республикасынын УКМКсынын мамлекеттик Чек ара кызматы баса белгилейт. Мындай учурларда ал жарандарга карата тиешелүү катаал чаралар көрүлөт. Кыргыз Республикасынын бардык өткөрүү жайларында мааламат тактайчалары орнотулгандыгын, ал жакта Кыргыз Республикасынын УКМК мамилекеттик Чек ара Кызматынын жетекчилигинин телефон номерлери дагы так берилген, ошондой эле ишеним телефондору көрсөтүлгөндүгүн Кыргыз Республикасынын УКМК мамлекеттик Чек ара кызматы баса белгилейт. Мындан тышкары КӨЖнын ар бир аскер кызматчысында аты-жөнү, аскердик наамы, кызматы көрсөтүлгөн төш белгилери дагы бар. “Достук-автожол” КӨЖсынын чек ара кезметтери видеорегистратор менен камсыз эетилген. Бул аркылуу өткөрүү жайындагы жагдайды даана көрүп турууга мүмкүн. Ошондой эле өткөрүү жайынын өзүндө күнү-түнү видеобайкоо дагы тынымсыз жүргүзүлүп турат.
Кандай гана маселе болбосун жарандар ишеним телефондору аркылуу, же ведомствонун социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу суроолоруна жооп дагы ала алышат. Жарандардын бардык кайрылуулары мамлекеттик Чек ара кызматынын жетекчилиги тарабынан ыкчам каралат, зарыл болгон учурларда а түгүлб кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлөт.
Ошентип, 2023-жылдын 18-июлунуна тартып Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде төмөндөгү өткөрүү жайлары үзгүлтүскүз иштеп жатат:
– Жалал-Абад облусунда: “Маданият-автожол”, “Баймак-автожол”;
– Ош облусунда: “Достук-автожол”;
– Баткен облусунда: “Кызыл-Кыя-автожол”, “Кадамжай-автожол”, “Кайтпас-автожол”, “Ак-Кыя-автожол”, “Өтүкчү-автожол”, “Чечме-автожол”.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
-
11.08.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ БИР ЖАШАР НАРИСТЕ СУУГА ЧӨГҮП КАЗА ТАПТЫ
-
15.08.2023 / Автор anarkan_kg МИЛИЦИЯ ТУРИСТТЕРГЕ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШТҮ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.