Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
529 Бардыгы / “Азаттыкка” президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, июль айында Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди, Өзбекстандын Фергана облустарынын башчылары катышкан үч тараптуу жолугушуу өткөн.Сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты чек ара аймактарында тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу, ынтымакты бекемдеп, облустар аралык кызматташууну жакшыртуу болгон. Маалыматта жолугушуулар чек ара аймактарында тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу, коңшу элдердин ынтымагын […]
530 Бардыгы / “Азаттыкка” президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, июль айында Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди, Өзбекстандын Фергана облустарынын башчылары катышкан үч тараптуу жолугушуу өткөн.Сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты чек ара аймактарында тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу, ынтымакты бекемдеп, облустар аралык кызматташууну жакшыртуу болгон. Маалыматта жолугушуулар чек ара аймактарында тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу, коңшу элдердин ынтымагын […]
ПРЕЗИДЕНТТИН БАТКЕНДЕГИ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫН АЧУУ БОЮНЧА МААЛЫМАТКА КОММЕНТАРИЙ БЕРДИ
04.08.2023 / Автор anarkan_kg531 Бардыгы /
“Азаттыкка” президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, июль айында Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди, Өзбекстандын Фергана облустарынын башчылары катышкан үч тараптуу жолугушуу өткөн.Сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты чек ара аймактарында тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу, ынтымакты бекемдеп, облустар аралык кызматташууну жакшыртуу болгон.
Маалыматта жолугушуулар чек ара аймактарында тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу, коңшу элдердин ынтымагын бекемдөөнү көздөй турганы айтылат.
“Учурда Өкмөттөр аралык комиссия чек араны тактоо жумуштарынын үстүндө активдүү иш алып барууда”, – деп жазылган маалыматта. “Биринчи кезекте эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин аягына чыгуу”, андан кийинки кезекте “чек араны ачуу маселесин этап-этап менен кароо, ар тараптуу байланыштарды чыңдоо маселелери турары” белгиленген.
Мунун алдында “Озоди” Дүйшөмбү менен Бишкек кыргыз-тажик чек арасын ачуу боюнча макулдашууга жетишкенин Тажикстандын Согд облусунун жетекчилигинин малыматына таянып жазып чыккан.
Анда жазылгандай, Согд облусунун администрациясынын башчысынын орун басары Даврон Зохидзода сүйлөшүү июль айында Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында болгонун, анда Тажикстандын Согд, Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Фергана облустарынын жетекчилери жолукканын белгилеген. Согд облусунун жетекчилигинин кабарлашынча, чек араны этап-этап менен ачуу каралууда. Тагыраагы, чек аралаш райондордун ишкерлери үчүн посттор ачылып, кийин жарандардын каттоосуна уруксат берилет.
Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тажикстандын Согд облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода жана Өзбекстандын Фергана облусунун губернатору Хайрулло Бозаров баштаган делегациялар Чолпон-Ата шаарында 19-июлда жолугушкан.Андан бир күн мурун алар Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Бишкекте кездешкен эле.
2021-жылы апрель-майдагы чек ара жаңжалынан кийин Кыргызстан тарап тактоо иштери бир жаңсыл болгонго чейин деген негизде Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Ошондон бери чек арада каттамдар, соода-сатык токтоп турат.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.
Эки өлкө ортосундагы чек аранын тактала электигинен улам ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталган. 2021-жылы 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган.
Куралдуу кагылыш 2022-жылы 14-17-сентябрда да кайталанып, анда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган.
Андан бери эки тарап дипломатиялык жана чек ара боюнча сүйлөшүүлөрүн улантып келе жатканын расмий кабарлашкан.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
13.10.2023 / Автор anarkan_kg ЧАТКАЛДА 1,17 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК ЭКИ КАР КӨЧКҮ БЕКЕТИ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ
-
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.