Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 32 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 32 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

 834 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 31-август күнү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдык майрамы Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу белгиленди.

Эгемендик күнүнө социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков: “Ар бирибиз эгемен өлкөдө жашап жатканыбызга сыймыктанып, эгемендүүлүктүн маанилүү жана баа жеткис экендигин туюшубуз зарыл. Ошону менен бирге келечегибиз болгон жаштарга өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн, нарк-насилдерин, улуттук баалуулуктарын көзүбүздүн карегиндей сактап, жеткирүү биз үчүн ыйык милдет. Анткени, өзүңүздөр билгендей дүйнөдө 100 миллиондогон калкы бар, бирок, өздөрүнө таандык болгон эгемен мамлекети жок улуттар бар. А биздин алакандай элибиздин кылымдар бою жашап келген тарыхый мекени, бейиштей болгон эгемен өлкөсү бар. Кадырман мекендештер! Өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын 32 жылдык маарекеси барыбызга кут болсун! Өлкөбүздө тынчтык, элибизде бейпил жашоо болсун!”-деген куттуктоосун жолдоду. Майрамдык саамалык концерттик программа, эгемендикти даңктаган театралдаштырылган көрүнүштөр менен коштолду. Белгилей кетсек, майрамдык иш-чара 19:00дө “Курманбек” стадионунда улантылат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17