Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
832 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдүн курулушу дээрлик аяктады. Бул туурасында Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолукканда гана ачыктады. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим АлимбаевБаткен облусунун инфратүзүмүн жакшыртуу, социалдык обьектилерди куруу жана дагы ири долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча […]
833 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдүн курулушу дээрлик аяктады. Бул туурасында Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолукканда гана ачыктады. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим АлимбаевБаткен облусунун инфратүзүмүн жакшыртуу, социалдык обьектилерди куруу жана дагы ири долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча […]
БАТКЕНДЕГИ ЧЕК АРА ЖАҢЖАЛЫНДА ТАЛКАЛАНГАН ҮЙЛӨР ТОЛУК КУРУЛУП БҮТКӨНДҮГҮ ЖАРЫЯЛАНДЫ
08.09.2023 / Автор anarkan_kg

834 Бардыгы /
БИШКЕК. Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдүн курулушу дээрлик аяктады. Бул туурасында Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолукканда гана ачыктады.
Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим АлимбаевБаткен облусунун инфратүзүмүн жакшыртуу, социалдык обьектилерди куруу жана дагы ири долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча чаралар туурасында кеңири маалымат берди. Ал ошондой эле Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылдарынын башкы планы түзүлгөндүгүн, аталган айылдар толугу менен кайрадан курулгандыгын, өрттөнгөн үйлөр толук бойдон калыбына келтирилгендигин дагы кошумчалады. Мындан тышкары кыйраган айылдардын ички жолдору асфальтталып, ошого жараша жарыктандыруу иштери жүргүзүлгөн, ичилүүчү суу системасы дагы салынган.
- Ошондой эле жарандык коргонуу комиссияларынын актыларына
ылайык, күйүп кеткен жана капиталдык ремонтко муктаж болгон үйлөрдүн ээлерине толук көлөмдө акча каражаттары берилген. Машинасынан, же малынан ажырагандарга дагы акчалай компенсациялар төлөндү, – деп кошумчалады Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев.
Президент Садыр Жапаров мындан ары дагы Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурулаарын абдан катуу убадалады.
Өткөн жылдын сентябрындагы чек ара чырында Баткендин бир катар айылдары талкаланып, бүтүндөй өрттөлгөн. Буга улай ондогон адамдар каза таап, миңдеген жергиликтүү тургун үй-жайын таштай качышкан. Бийлик Баткенде жаңы 420 үйдү куруп берүүнү убада кылган. Куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү куруу үчүн “Аманат Строй Инвест” жалдаган айрым компаниялар жергиликтүү ишкерлердин акчасын бербей убара кылып жатканы дагы белгилүү болгон. Маселе Жогорку Кеңеште дагы бир нече жолу айтылып, тендерди уткан компанияны жоопко тартуу сунушу көтөрүлгөн.
Баса, журналисттер Достук жана Капчыгай айылдарында үй салган эки компания ишкерлердин 20 миллиондон ашык сомун бере электигин жеринен билип келишкен. Ички иштер министрлиги Баткен облусундагы чек ара жаңжалында талкаланган турак жайларды калыбына келтирүү ишине катышкан “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү кармалгандыгын, ал эми “Алмалы-Доор Курулуш” ишканасынын жетекчисине издөө салынгандыгын жарыялаган.
Аталган куралдуу кагылыштан соң эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган. Анда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай даражада жараат алган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапкандыгын, 200гө чукулу жараат алгандыгын билдирген. Каза тапкандар арасында эки тараптан тең балдар бар.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ 5 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
29.01.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.