Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
517 Бардыгы / БИШКЕК. Бүгүн 8-сентябрда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) “Аймактардын форуму – 2023” иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Иш-чаранын максаты – жергиликтүү башкаруу жана калктын жашоосун жакшыртууга багытталган жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды уюштуруу боюнчатажрыйба алмашуу(мисалы, суу менен камсыздоо, катуу таштандыларды чыгаруу, билим берүү, спорт жана музыкалык ийримдер, маалымат […]
518 Бардыгы / БИШКЕК. Бүгүн 8-сентябрда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) “Аймактардын форуму – 2023” иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Иш-чаранын максаты – жергиликтүү башкаруу жана калктын жашоосун жакшыртууга багытталган жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды уюштуруу боюнчатажрыйба алмашуу(мисалы, суу менен камсыздоо, катуу таштандыларды чыгаруу, билим берүү, спорт жана музыкалык ийримдер, маалымат […]
АЙМАКТАРДЫН ФОРУМУ-2023: ЖӨБ ОРГАНДАРЫ АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАЛАР МЕНЕН БӨЛҮШТҮ
08.09.2023 / Автор anarkan_kg519 Бардыгы /
БИШКЕК. Бүгүн 8-сентябрда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) “Аймактардын форуму – 2023” иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Иш-чаранын максаты – жергиликтүү башкаруу жана калктын жашоосун жакшыртууга багытталган жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды уюштуруу боюнчатажрыйба алмашуу(мисалы, суу менен камсыздоо, катуу таштандыларды чыгаруу, билим берүү, спорт жана музыкалык ийримдер, маалымат кызматтары ж.б.).
Жыл сайын уюштурулуп келген бул форумга Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынан мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 130дан ашык өкүлдөрү катышты.
Акман жана Абдрахман айыл аймактарынын өкүлдөрү катышуучулар менен жергиликтүү ресурстарды жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү пайдаланып,ичүүчү суу кызматын жакшыртуу жана балдар үчүн тил ийримин уюштуруу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Бул айыл өкмөттөр жергиликтүү бюджетти жана тарифтерди ачык талкуулоо, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессине мониторинг жүргүзүү аркылуу жарандарды чечим кабыл алуу процессине да тарта алышкан.
«Форумдун жүрүшүндө жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусунун маанилүү экендиги ачыкталды. Көрүнүп тургандай, ЖӨБ органдары чечимдерди кабыл алууга жарандарды катыштыруу жана билимин жогорулатуу аркылуу коомчулукта чоң өзгөрүүлөрдү жасай алат», – деди Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басарыЖетиген Бакиров.
Форум USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоор өлкө боюнча 38 пилоттук муниципалитет менен иш алып барат. Долбоор аларды жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун укуктук негиздерине, тарифтерди эсептөөгө, стандарттарды даярдоого, жашоочулардын муктаждыктарын баалоого, жарандарды талкууга тартууга, мамлекеттик сатып алуулардын ыкмаларына жана кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга үйрөтүп жатат.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери, форумдун жүрүшүндө бөлүшкөн иш-аракеттердин жана идеялардын натыйжалары өнөктөш муниципалитеттер менен эле чектелбейт деп белгиледи. “Биз алган сабактар жана биз бөлүшкөн башкаруу практикалары жашоону жана коомду өзгөртүүгө жана улуттук деңгээлде туруктуу өзгөрүүлөрдү жаратуучу жөндөмгө ээ” деди ал.
Форумдун алкагында катышуучуларгааялдардын лидерлигин колдогон жергиликтүү кеңештердин Аял депутаттар клубу жана жергиликтүү кызматтарды уюштурууда мыкты практикалар менен бөлүшкөн “Теңден теңге” өз ара окутуу платформасысыяктуу долбоор тарабынан колдоого алынган башка демилгелер тууралуу маалымат берилди.
Аймактардын форуму 2022-жылдан 2025-жылга чейин USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында өтүп турмакчы.
# # #
USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору – Өнүктүрүү саясат институту тарабынан Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында ишке ашырылып жаткан төрт жылдык программа. Ал ЖӨБ органдары көрсөтүүчү жергиликтүү кызматтардын сапатын жогорулатуунун эсебинен 50 муниципалитетте жарандардын бакубатчылыгын жакшыртууга багытталган. Төмөнкү шилтемеден көбүрөөк маалымат алсаңыз болот: www.fb.com/SA2Project.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
03.05.2023 / Автор anarkan_kg ШААРДА ГАРАЖДЫН ОРДУНА 200 БАТИРЛҮҮ ИПОТЕКАЛЫК ТУРАК ЖАЙ КУРУЛАТ
-
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg ЧОҢ-АЛАЙДА ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАР ҮЧҮН ЗАМАНБАП ҮЙ КУРУЛА БАШТАДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.