Аймак

ОШТО ҮЧ КҮНГӨ СОЗУЛГАН “ТҮШТҮК ЭКСПО – 2023” КӨРГӨЗМӨ-ЖАРМАНКЕСИ БАШТАЛДЫ

ОШТО ҮЧ КҮНГӨ СОЗУЛГАН “ТҮШТҮК ЭКСПО – 2023” КӨРГӨЗМӨ-ЖАРМАНКЕСИ БАШТАЛДЫ

 708 Бардыгы /

          ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү” кеёири белгиленип, VII Эл аралык “Түштүк ЭКСПО-2023” көргөзмө-жарманкеси салтанаттуу түрдө ачылды. Бул иш-чара дээрлик үч күнгө созулат.

          Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Соода өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Замирбек Юсупов, Өзбекстан Республикасынын Соода өнөр жай палатасынын, Беларусь, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Россия, Кытай, Иран, Оман, Германия мамлекеттеринин бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү катышышты. Баса, аталган көргөзмө-жарманкеде айыл чарба, тамак-аш азыктары, кеңсе буюмдары, техника, курулуш, кийим-кече өндүрүшү, үй-тиричилик, туристтик жана кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, шаардагы жогорку окуу жайлардын жаңы мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлгөн.

          Ошентип, VII Эл аралык “Түштүк ЭКСПО-2023” көргөзмө-жарманкеси дээрлик үч күнгө созулат. Мунун алкагында “Аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” аталышында бизнес-форумун дагы өткөрүү болжолдонууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17