Аймак

USAID АДМИНИСТРАТОРУ САМАНТА ПАУЭР ӨЗБЕКСТАНДА ӨТКӨН C5+1 МИНИСТРЛЕРИНИН АЙМАКТЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КҮЧӨТҮҮ ЖЫЙЫНЫНДА БОРБОР АЗИЯГА КОШУМЧА ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫ ЖАРЫЯЛАДЫ

USAID АДМИНИСТРАТОРУ САМАНТА ПАУЭР ӨЗБЕКСТАНДА ӨТКӨН C5+1 МИНИСТРЛЕРИНИН АЙМАКТЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КҮЧӨТҮҮ ЖЫЙЫНЫНДА БОРБОР АЗИЯГА КОШУМЧА ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫ ЖАРЫЯЛАДЫ

 486 Бардыгы /

САМАРКАНД. Өзбекстандын Самарканд шаарында USAID администратору Саманта Пауэр Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрү менен C5+1 аймактык кызматташтыкты күчөтүү боюнча министрлер жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Администратор Пауэр АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы терең өнөктөштүктү көрсөтүүчү АКШнын регионалдык долбооруна кошумча 14,3 миллион доллар бөлөрүн жар салды.

Аймактык байланыштарды жана кызматташтыкты кеңейтүү үчүн С5+1 өлкөлөрүнүн Өкмөттөрү сооданы арбындатуу жана көмүр кычкыл газдарынын чачылышын азайтуу максатында кызматташууну тереңдетүүнү макулдашты:

ЖАШЫЛ ЭНЕРГИЯНЫ ПАЙДАЛАНУУНУ КОЛДОО

USAID Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтип, көмүртектин чачылышын азайтуу боюнча стратегиялар менен бөлүшөт. Стратегияларга Борбор Азиянын электр энергиясын бүтүндөй региондо натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле жаңы технологиялар жана энергиянын аяр српатоосун жогорулатуу аркылуу чачылышын азайтууга артыкчылык берүү кирет.

ЧЕК АРА АРКЫЛУУ ТОВАР АЛМАШУУГА КӨМӨКТӨШҮҮ

USAID Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы бажы системаларын модернизациялоо иштерине колдоо көрсөтөт, бул чек арадагы сооданы көбөйтүүгө жана байланышты кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Ар бир өлкө товарлардын чек арадан өтүү убактысын кыскартуу жана сооданы жеңилдетүү үчүн жалпы протоколдорду колдонуу менен жана ар бир өлкөнүн формаларын жана жол-жоболорун таанып, автоматташтырууну жогорулатуунун үстүндө иш алып барат. Бул аракеттер товарларды чек арадан өткөрүүнүн убактысын жана баасын азайтат, аймактык соода байланыштарын жана ачык-айкындуулукту бекемдейт. Бул чаралардын көбү Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болуунун негизги аспектилери болуп саналат.

          Жаңы келишимдерден тышкары, Администратор Пауэр USAIDдин төмөнкү аймактык инвестициясын жарыялады:

ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШТҮ АЛДЫГА ЖЫЛДЫРУУ ҮЧҮН ЖЕКЕ СЕКТОРГО БОЛГОН ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫ КОЛДОО

Борбор Азиядагы сооданы кеңейтүү жана жеке секторду чыңдоо боюнча мурунку иштердин негизинде, USAID жеке инвестицияларды 100 микро, чакан жана орто ишканаларга гранттар менен дал келтирүү үчүн 10,8 миллион доллар берет. Булар негизинен маргиналдуу жамааттардын мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн жана маалыматтык технологиялар ошондой эле жашыл экономика сыяктуу негизги секторлордо иштеген стартаптар болот. Аталган инвестициялар бул стартаптарга кардарларынын бизнес операцияларын жакшыртууга жана сатууну көбөйтүүгө, ошол эле учурда жаңы технологияларды ишке ашырууга, бизнес практикасын жакшыртууга жана натыйжалуулукту жогорулатууга жардам берет.

Кошумчалай кетсек, бул долбоор аялдарды, жаштарды жана калктын аялуу катмарын 21-кылымдын экономикасы үчүн талап кылынган көндүмдөр менен камсыз кылып, 8000 Борбор Азия тургундары үчүн жумуш орундарын түзүүгө жана жакшыртууга көмөктөшөт.

USAIDДИН БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ МААЛЫМАТТЫН БҮТҮНДҮГҮ ДЕМИЛГЕСИ

Бул жаңы, 1,5 миллион долларлык аймактык программа биздин Борбор Азиядагы өнөктөштөрүбүз менен интернеттеги жана ЖМКдагы маалыматтын сапатын жакшыртуу, жарандарга туура эмес маалыматты аныктоо жана ага каршы күрөшүү көндүмдөрүн берүү үчүн иш алып барат. Күчтүү маалыматтык чөйрөнү колдоо боюнча мурунку демилгелерге таянып, USAID журналисттерди жана медиа адистерди эң так маалыматты жарыялоого түрткү берүүчү иликтөө жана маалымат журналистикасы көндүмдөрү менен жабдуу аркылуу медиа сабаттуулугун жогорулатуу ошондой эле жалган маалыматка каршы туруу боюнча коомдук кампанияларды колдойт. USAID ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен туура эмес маалыматты азайткан саясатты иштеп чыгуу үчүн иштешет.

ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КООПСУЗДУКТУ ЖАНА АЙМАКТЫК ЭЛЕКТР СООДАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ

Он жылдан ашык убакыттан бери USAID Борбор Азия боюнча кайра жаралуучу энергияны трансформациялоону колдоп келет. 2 миллион доллар кошумча инвестиция менен USAID жеке сектордун инвестицияларын көбөйтүү жана кайра жаралуучу энергияны кеңейтүү үчүн климаттык каржылоону мобилизациялоо боюнча иш алып барат.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17