Аймак

БИШКЕК — ОШ АВТОУНАА ЖОЛУНДА ЖҮК ТАШУУЧУ АВТОУНААЛАРГА АКЫРЫ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

БИШКЕК — ОШ АВТОУНАА ЖОЛУНДА ЖҮК ТАШУУЧУ АВТОУНААЛАРГА АКЫРЫ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

 432 Бардыгы /

          ОШ. Бишкек-Ош автоунаа жолунун 81-чакырымында (Төө-Ашуу, Сосновка багытында) оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилгендигин «Кыргыз автожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

          Расмий маалыматка караганда, Төө-Ашууда ушул тапта жолчулар инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүп жатышат. Аба ырайы жакшырганга чейин Бишкек — Ош жолунун 81-чакырымында оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.

Баса, «Кыргыз автожол» мамлекеттик ишканасы айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө токтоосуз түрдө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөк ала жүрүүнү дагы сунуш этти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17