Аймак

СУЗАКТА НАНДЫ ЖҮЙӨӨСҮЗ КЫМБАТТАТКАН 3 НААБАЙКАНАГА АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ

СУЗАКТА НАНДЫ ЖҮЙӨӨСҮЗ КЫМБАТТАТКАН 3 НААБАЙКАНАГА АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ

 507 Бардыгы /

          Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы наабайканаларга айып пул салынды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

          Маалыматка караганда, аталган кызматтын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Сузак районунда социалдык маанилүү товарлардын бааларына атайылап мониторинг жүргүзүштү. Анын жүрүшүндө Сузак районунун аймагында жайланышкан 3 наабайканада 278-280 граммдык тандыр нанды 30 сомдон сатып, белгиленген баадан 2,00-2,20 сомго жогорулатылып сатылып жаткандыгы ашкереленди. Белгиленген максималдуу баадан жогору содалап жатышкан наабайчыларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодексинин 290-беренесинин 1-пунктуна ылайык ар бирине 3000 сомдон айып пул салынды.

          Айтмакчы, нандын жана көмүрдүн бааларынан тышкары мониторинг учурунда Сузак районундагы соода түйүндөрүндө ун, өсүмдүк майы, эт жана башка социалдык маанилүү товарларды сатуучуларга бааны негизсиз жогорулатпоо жаатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17