Өлкө аймактары менен кубаттуу
“АЧЫК ӨКМӨТ” ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
775 Бардыгы / Батир уурулугу негизинен үйдү кароосуз калтырган учурда катталат. Уурулардын бардыгы бирдей ыкмаларды колдонушат: кулпуларды бузуу, ачкычтарды жасоо, алдыңкы эшикти бузуп кирүү, терезелерди ачуу.Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы батир уурулугун алдын алуу үчүн жарандарга бир катар пайдалуу кеңештерди сунуштайт.– Үйдөн кетердин алдында бардык терезелерди, эшиктерди, желдеткичтерди бекем жабыңыз;– видеокөзөмөл орнотуңуз;– муляж […]
776 Бардыгы / Батир уурулугу негизинен үйдү кароосуз калтырган учурда катталат. Уурулардын бардыгы бирдей ыкмаларды колдонушат: кулпуларды бузуу, ачкычтарды жасоо, алдыңкы эшикти бузуп кирүү, терезелерди ачуу.Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы батир уурулугун алдын алуу үчүн жарандарга бир катар пайдалуу кеңештерди сунуштайт.– Үйдөн кетердин алдында бардык терезелерди, эшиктерди, желдеткичтерди бекем жабыңыз;– видеокөзөмөл орнотуңуз;– муляж […]
БАТИР УУРУЛУГУН КАНТИП АЛДЫН АЛСА БОЛОТ? ИИМ ЖАРАНДАРГА БИР КАТАР ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕРДИ СУНУШТАЙТ
27.11.2023 / Автор anarkan_kg777 Бардыгы /
Батир уурулугу негизинен үйдү кароосуз калтырган учурда катталат. Уурулардын бардыгы бирдей ыкмаларды колдонушат: кулпуларды бузуу, ачкычтарды жасоо, алдыңкы эшикти бузуп кирүү, терезелерди ачуу.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы батир уурулугун алдын алуу үчүн жарандарга бир катар пайдалуу кеңештерди сунуштайт.
– Үйдөн кетердин алдында бардык терезелерди, эшиктерди, желдеткичтерди бекем жабыңыз;
– видеокөзөмөл орнотуңуз;
– муляж орнотуу мүмкүн-кылмышкер камеранын туташкандыгын текшербейт;
– эгерде сиздин батир биринчи же акыркы кабатта, өрт тепкичтеринин жана суу – түтүктөрүнүн жанында болсо, анда терезеге торлорду орнотуңуз;
– балдарыңызга бейтааныш адамдарга эшикти ачпоого үйрөтүңүз;
– сырттан келгендерди турак жайга киргизбеңиз, эгерде адам өзүн
коммуналдык кызматкер катары тааныштырса, анын өздүгүн текшериңиз, документтерди сураңыз, уюмга чалыңыз;
– кире бериштин жана батирдин кире бериш эшиктери бекем жабылышы керек;
– бышык эшиктерди орнотуңуз, эшик сыртка ачылып, темир менен жабдылышы керек, кулпулар, жок эле дегенде, эки жана ар кандай түрлүү болушу керек;
– кире бериште толук жарык болушу керек;
– жакшы мамиледе болгон кошуналардан батирдин эшигинин бүтүндүгүнө көңүл бурууну, керек болсо чала турган байланыш телефондорун калтырууну сурануу керек;
– мүмкүн болсо, узак убакытка кеткенде батириңиздеги эң баалуу буюмдарды үйдө сактабаңыз;
– батирдин ачкычтарын килемдин астына, электр тогуна же башка шарттуу жерлерге, айрыкча эшиктин жанына калтырбаңыз.
Эгерде уурулар сиздин үйдөн мүлктөрүңүздү, баалуу буюмдарыңызды же акча каражаттарыңызды уурдап кеткен болсо:
– дароо милицияга 102 номерине чалыңыз;
– үйүңүздү текшерип, эмне жоголгонун аныктап, уурдалган буюмдардын тизмесин түзүңүз;
– эгер сиз үйүңүздө кылмышкерге туш болуп калсаңыз, жакындарыңыздын коопсуздугун ойлоп жана өзүңүздүн өмүрүңүздү сактап калуу амалы менен уурулар менен урушпаңыз;
– кол салган адамга көңүл буруп, анын жүзүн эстеп калууга аракет
кылыңыз. Бул аны кармоо иштерин тездетүүгө жана бардык буюмдарыңызды кайтарып алууга жардам берет.
Мүлкүңүздүн сакталышынын негизги кепилдиктеринин бири-бул сак жана этият болгонуңуз. Албетте бардык бул чаралар жардам берет, бирок уурулуктун алдын алуу үчүн негизги ыкмасы Ички иштер министрлигинин күзөт кызматына же жеке кызматтардын кайтаруу кызматтарынын кызматтарын колдонуу керек.
Коопсуздукка канчалык көп көңүл бурсаңыз, ошончолук коопсуз болот. Турак жайыңыздын, ишкана-кеңсениздин коопсуздугуна көңүл буруңуз, уурулуктардын бетин ачууда милицияга дайыма жардам бериңиз. Эгерде сизде уурулукка байланыштуу кылмыштар боюнча кандайдыр-бир маалымат болсо, райондук милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө же 102 номуруна чалыңыз.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
20.11.2024 / Автор anarkan_kg АКШ КАРА-СУУДА ЖАПЖАҢЫ ТИГҮҮ ФАБРИКАСЫН АЧУУГА ЖАРДАМДАШТЫ
-
20.11.2024 / Автор anarkan_kg ТАШ-КӨМҮР” ГЭСТЕРИНИН КАСКАДЫНДА ТЕМИР-БЕТОН ЧЫГАРУУЧУ ЦЕХ ИШКЕ КИРДИ
-
-
23.11.2023 / Автор anarkan_kg МОСКВАДА ӨЗБЕКСТАНДЫК МИГРАНТТАР КАТЫШКАН ЖАПЫРТ МУШТАШ БОЛДУ
-
-
Маек
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.