Аймак

КАДАМЖАЙ ЖАНА ЧОҢ-АЛАЙ РАЙОНДОРУНА ЖАҢЫ АКИМДЕР ДАЙЫНДАЛДЫ

КАДАМЖАЙ ЖАНА ЧОҢ-АЛАЙ РАЙОНДОРУНА ЖАҢЫ АКИМДЕР ДАЙЫНДАЛДЫ

 633 Бардыгы /

Баткен облусунун Кадамжай районунун акимдигине Болоткан Баяке уулу жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун акимдигине Мирбек Шамырканов дайындалышты. Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров  соңку сааттарда кол койду.

Баса, 2021-жылдын май айынан бери Баткен облусундагы Кадамжай районун жетектеп келаткан Кутпидин Шакиров быйыл 12-декабрда кызматтан алынган. Ал райондо өтүп жаткан улуу акын Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган мааракеге байланыштуу алынгандыгы эми гана шардана кылынды. Анткени, үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында аталган аймакка иш менен сапарлаган президент Садыр Жапаров Молдо Нияздын эстелигинин ачылышы жөнүндө ага маалымат бербегендиги үчүн аким Шакировдун ишин катуу сындаган эле. Ушундан кийин президент иш сапарынын мерчемин өзгөртүп, эстеликтин ачылышына аргасыздан катышып кеткен. Акимди кызматтан алуу тескемесине мамлекет башчы ошондон кийин гана кол койгон.

Ал эми Ош обулусунун Чоң-Алай районунда буга дейре акимдик кызматты аркалаган  Темирболот Абыкеев 7-декабрда Ош облусунун Кара-Суу районунун акими болуп дайындалган. 38 жаштагы Абыкеев ага чейин Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп дагы иштеген.

Баса, Кадамжайдын жаңы  акими Болоткан Баяке уулу 30 жашта. Ал буга чейин Чүйдөгү Сокулук жана Оштогу Кара-Суу райондорунун акимдеринин орун басары болуп иштеген. Чоң-Алайдын жетекчилигине келген Мирбек Шамырканов Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу Айыл Өкмөтүн башкарган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17