Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
637 Бардыгы / Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топтору менен топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 8-декабрдан 14-декабрга чейин Баткен шаарында өткөрүлдү. Акыркы маалыматка караганда. бул жолугушууларда топографиялык жумушчу топтор Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 47,05 чакырымын өз ара макулдашты. Калган тилкелерди аныктоо үчүн […]
638 Бардыгы / Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топтору менен топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 8-декабрдан 14-декабрга чейин Баткен шаарында өткөрүлдү. Акыркы маалыматка караганда. бул жолугушууларда топографиялык жумушчу топтор Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 47,05 чакырымын өз ара макулдашты. Калган тилкелерди аныктоо үчүн […]
КЫРГЫЗ-ТАЖИК ТОПОГРАФИЯЛЫК ТОПТОРУ ЧЕК АРАДА ДАГЫ 47,05 ЧАКЫРЫМДЫ МАКУЛДАШТЫ
21.12.2023 / Автор anarkan_kg

639 Бардыгы /
Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топтору менен топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 8-декабрдан 14-декабрга чейин Баткен шаарында өткөрүлдү.
Акыркы маалыматка караганда. бул жолугушууларда топографиялык жумушчу топтор Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 47,05 чакырымын өз ара макулдашты. Калган тилкелерди аныктоо үчүн кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өткөрүлөт. Соңку жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго дагы кол коюлду. Кыргыз Өкмөтү сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өткөндүгүн кошумчалады. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экендигин ырасташкан.
Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топтору ошондон бери жумуштарын активдүү фазада гана улантып, тынымсыз жолугуп дагы жатышат. Алардын соңку – 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында өткөн жолугушуусунда чек аранын дагы 24 чакырымы такталгандыгы шардана кылынган. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов быйыл 12-декабрда Баткен шаарында кездешип, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин катуу талкуулашкан. Анын соңунда Ташиев менен Ятимов атайын билдирүү жасап, Кыргыз-Тажик чек арасынын 90 пайызы макулдашылгандыгын билдиришкен. Ташиев анын ичинде Баткендеги «Баткендеги Кайрагач айылынан баштап Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер, Жийделикке чейинки айылдардын тушундагы такталбаган тилкелер макулдашылгандыгын» дароо ырастаган.
Баса, Кыргызстандын президент Садыр Жапаров ушул жылдын 11-декабрында Баткен облусунун Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып калаарын айткан эле. Бийлик ага чейин чек араны тактоо иштери ушул жылдын аягына чейин бүтөөрүн билдирген жайы бар.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУда ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
-
-
13.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна КЕРБЕН ШААРЫНЫН МЭРИНЕ КАТУУ СӨГҮШ БЕРИЛДИ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.