Аймак

ОШ ШААРЫНДА ОРУС ТИЛИН ОКУТУУ БОЮНЧА АЛГАЧКЫ БОРБОР ИШКЕ КИРИШТИ

ОШ ШААРЫНДА ОРУС ТИЛИН ОКУТУУ БОЮНЧА АЛГАЧКЫ БОРБОР ИШКЕ КИРИШТИ

 1,887 Бардыгы /

 Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Орус үйүндө Роскызматташтыгынын Өкүлчүлүгү алдында орус тилин окутуу боюнча атайын окуу борбору ачылды.

Аталган окуу борборунун ачылыш иш-чарасына Ош шаар мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, Ош шаарынын тургундарына жана конокторуна орус тилин үйрөнүү жана Орусия менен Кыргызстандын маданияты менен таанышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү абдан маанилүү экендигин ачык моюндады. Бардык керектүү заманбап жабдуулар менен камсыздалган бул окуу борбору окуучулардын орус тили боюнча билимин мындан ары тереңдетүүгө чукул жардамдашып, Орусиянын жогорку окуу жайларына бюджеттик орундарга өтүүгө дагы олуттуу өбөлгө түзмөкчү.

Баса, ушул тапта орус тилин окутуу борборлору Роскызматташтыктын колдоосу аркасында Кыргызстандын Кант, Нарын жана Талас шаарларында дагы ачылып, ырааттуу түрдө иштеп жатат. Орус тилин окутуу борбору Ош шаарындагы Камбаралы Бобулов атындагы көчөсүнүн 72-имаратында жайланышкан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17