Аймак

АЯРЛУУ КАТМАРДАГЫ БАЛДАРГА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕКТЕР ТАПШЫРЫЛДЫ

АЯРЛУУ КАТМАРДАГЫ БАЛДАРГА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕКТЕР ТАПШЫРЫЛДЫ

 1,035 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 27-декабрда Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде тарбияланып жаткан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, майрамдык иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Гүлзат Аширова, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, балдардын балаты майрамы менен куттуктап, белектерди беришти.

Ошондой эле мындагы стационардык мекемеде тарбияланган балдар тарабынан оюн-зоок, ыр-бий программалары тартууланды.

Белгилей кетсек, аталган мекемеде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 116 бала тарбияланып келет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17