Аймак

“ЖМК ЖӨНҮНДӨ” ӨКМӨТ СУНУШТАГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТҮШТҮ

“ЖМК ЖӨНҮНДӨ” ӨКМӨТ СУНУШТАГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТҮШТҮ

 420 Бардыгы /

Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү. Парламенттин сайтындагы маалыматка караганда, документ былтыр 15-декабрда каттоого алынган.

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде азыр иштеп жаткан мыйзам 1992-жылы кабыл алынганы, медиа тармагындагы андан берки өзгөрүүлөр мыйзамда камтылбай калганы жазылган. Жаңы сунушталып жаткан долбоордо журналисттин социалдык жоопкерчилигин жана укуктук маданиятын калыптандыруу максаты коюлганы айтылат.

55 беренеден турган мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо жана ишмердигин жүргүзүү, журналисттердин милдети жана укугу каралган. Долбоорго ылайык, маалымат сайттары тармактык жалпыга маалымдоо каражаты катары Санариптик өнүктүрүү министрлигинин каттоосунан өтүшү керек. ЖМК катары каттоодон өтүү үчүн арыз Юстиция министрлигине же Санариптик өнүктүрүү министрлигине берилет.

Мыйзам долбоорунда “Сөз жана басма сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жоопкерчилик” деген берене да каралган. Документте маалымат каражаттарынын иштөө тартиби, жалпы түшүнүктөр жазылган.

Мыйзам долбоорунда “өз оюн эркин билдирүүнү, сөз жана басма сөз, маалыматты алуу жана жайылтуу эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбей турганы” белгиленген. Жалпыга маалымдоо каражаттарын ар кандай кызыкчылыктар үчүн пайдаланууга тыюу салынары жазылып, анын ичинде “бийликти зомбулук менен басып алууга же Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүн зомбулук менен өзгөртүүгө, массалык башаламандыктарды уюштурууга ачык чакырыктарды камтыган материалдарды жайылтуу үчүн” деген да сүйлөм кошулган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Ага президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов жетекчи болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик – 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17