Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ГАЗ МЕНЕН ЖҮРҮҮЧҮ АВТОБУСТАР КАЙРАДАН КАТТАМГА ЧЫКТЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ГАЗ МЕНЕН ЖҮРҮҮЧҮ АВТОБУСТАР КАЙРАДАН КАТТАМГА ЧЫКТЫ

 789 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 9-январдан тарта Жалал-Абад шаарындагы газ менен жүргөн автобустар кайрадан каттамга чыкты.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, алардын убактылуу ишке чыкпай турганына өткөн жылдын декабрь айында күн суук болуп, газдын басымы төмөндөгөндүктөн Өзбекстанда метан куюучу бекеттерде узун кезек жаралып, чектөөлөр киргени себеп болгон. Анткени, өлкөнүн түштүк аймагында метан куюучу бекеттер жок болгондуктан автобустар Өзбекстандан метан толтуруп келип жаткан.
Ушул тапта газ берүү кайрадан жанданып, автобустар коңшу Өзбекстандан метан куюп келип, 50 автобустун 20сы каттам жүргүзүүдө.
Шаар бийлиги көйгөйдү толук чечүү максатында Өзбекстандык инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Сузак районунун шаарга жакын аймагына метан куюучу атайын станцияны куруу иши башталган. Учурда курулуш иштери 70%га аяктап калды. Жакынкы күндөрү метан куюучу бекет ишке киргизилип, автобустар толугу менен каттамга чыга баштайт.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Жалал-Абад шаарынын күнүнө карата Президент Садыр Жапаров 50 даана метан менен жүрүүчү автобус тапшырган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17