Аймак

ОШТО ТУМАН ТАРАП, УЧАКТАР УЧА БАШТАДЫ

ОШТО ТУМАН ТАРАП, УЧАКТАР  УЧА БАШТАДЫ

 522 Бардыгы /

          Кыргызстандын Түштүк башкалаасында 16-январда түшкөн коюу туман тарап, 17-январдан баштап Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар кайрадан калыбына келтирилди. Бул туурасында «Манас» Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

          Ош эл аралык аэропортунан башка өлкөлөргө каттамдар дагы жанданды. Аба майдан кармалып калган каттамдардын убактысын мекеменин сайтынан жана авиакомпаниялардан тактап алууну жүргүнчүлөрдөн өтүнөт. Кечээ, 16-январдагы катаал аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыттары боюнча, Ош-Стамбул жана Стамбул-Ош багыттары боюнча авиакаттамдар токтотулгандыгы кабарланган. Ошол маалда тумандан улам 60-70 метрден алыс жер таптакыр көрүнбөй калгандыгы айтылган эле.

          Баса, аба ырайы кескин өзгөрүп, туман каптаган маалда Кыргызстандагы аэропорттордо каттамдар кармалган учурлар болот. Аба ырайына байланыштуу 16-январда саат 16:15тен тартып Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалар үчүн дагы убактылуу чектөө киргизилген.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17