Аймак

АЛАЙДЫН АКИМИ КЫЗМАТЫНАН БОШОТУЛДУ

АЛАЙДЫН АКИМИ КЫЗМАТЫНАН БОШОТУЛДУ

 633 Бардыгы /

          Алай районунун акими Азамат Кожомамбетов өз арызына ылайык кызматынын бошотулду. Ошондуктан, ал райондун мекеме-кызматкерлерин чогултуп, баары менен жылуу-жумшак коштошту.

-Азырынча бош орунга ким дайындалаары али белгисиз. А мен мамлекеттик кызматкерлер резервинде жокмун! – деди Алай районунун акиминин милдетин аткарып жаткан биринчи орун басары Шерикбай Жапанов.

          Баса, Азамат Кожомамбетов 2023-жылдын август айында Алай районунун акимдигине дайындалган эле. Ага дейре Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная Речка айыл өкмөтүн жетектеген.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17